Кыргызстанда COVID-19 дагы 37 адамдан аныкталды — жалпы 1936 учур

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Республикалык штаб 

Кыргызстанда 5-июнга карата коронавирустун жаңы 37 учуру катталганын Республикалык штабдан маалымдашты. Алардын ичинен Ош облусунан беш, Ош шаарынан жана Баткен облусунан бирден учур, Чүй облусунан жети, Бишкек шаарынан он төрт, Нарын облусунан алты, Ысык-Көл облусунан үч учур катталды.

Ушуну менен коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 1936га жетти. Коронавирус жуктурган 22 жаран каза болду, 1340 бейтап айыгып үйлөрүнө чыгарылган.

Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 513 . Чүй облусунда коронавирус 381 адамдан табылды. Ош облусунда – 231, Ош шаарында – 212, Жалал-Абад облусунда – 163, Баткен облусунда – 31, Нарын облусунда – 387, Ысык-Көл облусунда – 18 учур катталды.

Ооруканаларда 574 адам дарыланууда. Алардын ичинен он эки адам оор абалда, үчөө жандандыруу бөлүмүндө. Өлкө боюнча обсервацияларда 2132 адам жатат. Бир сутка ичинде 2617 изилдөө жүргүзүлдү.