Бир суткада коронавирустан айыккандар Бишкекте көп болду

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: 24 kg

Республикалык штаб 6-июнга карата бир сутка ичинде коронавирустан дагы 20 бейтап айыкканын кабарлады. Бишкек шаарынан он төрт, Ош жана Нарын облустарынан үчтөн бейтаптын COVID-19га кайрадан тапшырган анализдери терс жыйынтык көрсөттү.

Ал эми өлкө боюнча коронавирусту жеңгендердин саны 1360 кишини түзөт. Ошол эле учурда 6-июнга карата өпкө илдети 1974 кишиге жукканы ырасталган. COVID-19 22 кишинин өмүрүн алды.

Учурда ооруканаларда 592 адам дарыланып жатат, алардын экөө жандандыруу бөлүмүндө.