Бишкекте бала бакчалардын алты кызматкеринде коронавирус аныкталды

Республикалык штаб билдиргендей, коронавирус Бишкектеги бала бакчалардын алты кызматкеринде аныкталган. Учурда мектепке чейинки билим берүү жайларынын ишин жандантууга даярдык көрүлүүдө.

Саламаттык сактоо министрлиги менен Билим берүү министрлиги биргеликте бала бакчалардын бардык кызматкерлерин коронавирустун бар-жогуна ПЧР-анализ алуу боюнча буйрук чыгарды. Тестирлөө мамлекеттик же жеке балакча экенине карабастан акысыз жүргүзүлүүдө.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 29-майда 5-июнга чейин жергиликтүү бийлик органдары ар бир мектепке чейинки мекемени бардык санитардык талаптарга ылайык иштөөгө даярдыгын текшерген атайын комиссия түзөөрүн, аларга текшерүүдөн кийин гана иштөөгө уруксат берилээрин маалымдаган.

Мектепке чейинки билим берүү мекемелер санитайзерлер менен дезинфекция килемчелерин коюп, кире бериште балдардын дене табын текшериши керек. Бала бакчалар текшерүүдөн өтүп, Санэпидемкөзөмөлдөн уруксат алгандан кийин гана иштей алышат.

Пандемия башталганда Штаб мектепке чейинки мекемелер жана мектептер өзгө абал режими алынгандан кийин деле иштебей турганын билдирген болчу.

«Бала бакчалар менен мектептер ӨА жана ӨК режимдери алынгандан кийин гана иштей баштайт. Мөөнөтү оорулуулар азайганда жана эпидемиологиялык кырдаал турукташканына көз каранды болот», — деп билдирди республикалык штаб.

Өлкө боюнча ӨК режими 22-мартта киргизилген, ал бүгүнкү күнгө чейин алына элек. Өкмөт ал качан алына турганын так аныктай элек.

Төрт мөөр басылган маалым кат

24.kg басылмасы ата-энелер бала бакчага кабыл алууда бюрократия ашыкча болуп, маалымат жетишпей жатканына арызданып жатышканын билдирди.

Ата-энелердин айтымында, алардан поликлиникадан баланын ден соолугунун абалы тууралуу төрт мөөр басылган маалым кат талап кылынууда. Аны педиатр врач, педиатрия боюнча башкы дарыгердин орун басары, поликлиниканын башкы врачынын орун басары жана поликлиниканын өзүнүн администрациясы күбөлөндүрүп бериши керек.

«Жогоруда аталган кызмат адамдарынын биринин гана мөөрү жок болсо баланы албай коюшат. Бирок поликлиникада аларга ушунча мөөр басылышы керек деген көрсөтмө келген эместигин айтышууда, алар маалым каттарды кадимкидей эле берип жатышат. Эмне кылабыз?» — деп суроо салат ата-энелер.

Ошондой эле ата-энелерден «бала бакчага барып аткан баланын ден соолугун камсыздоо боюнча милдеттенмеге» кол коюп берүүнү талап кылышууда.

«Ал жакта эң акыркы абзацы жүрөктү түшүрөт. Өзгөчө — бала бакча эгер кокус бала коронавирус жуктуруп алса өзүнө жоопкерчилик албайт дегени. Анда бизге маалым каттын эмне кереги бар? Эгер бала бакчанын кызматкерлери өздөрү жуктурган болуп чыкса, анда кандай болот?» — деп нааразы болушту ата-энелер.

9-июнга карата өлкөдө 15 жашка чейинки 264 бала коронавирус жуктурган. Жалпысынан өлкөдө коронавирус жуктуруунун 2055 учуру аныкталган. 1483 адам айыгып ооруканалардын чыгарылган.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө аталган инфекциядан 24 адам каза тапкан.