Ош шаарында коронавирустан дагы бир бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 9-июндагы брифингде коронавирустан дагы бир бейтап каза болгонун кабарлады — 47 жаштагы аял Оштогу ооруканада дарыланып жаткан.

«Гематология бөлүмүндө жатып дарыланган кези болгон. 31-майда текшерүүнүн жыйынтыгы менен COVID-19 аныкталып шаардык клиникалык ооруканага которулуп, атайын дарылоого алынган. Бейтап химиотерапия дагы алып жаткан болчу», — деди Үсөнбаев.

Көз жумган аял миелома оорусу менен ооруп, бөйрөктөрү да жабыркаган деп кошумчалады Үсөнбаев.

Ушуну менен COVID-19дан көз жумган бейтаптардын саны 24кө жетти, алардын арасында эки медкызматкер жана бир мугалим бар. Коронавирустан көз жумгандардын эң көбү Ош облусунда катталды — 10 учур. Бишкек шаарында илдеттен алты бейтап кайтыш болгон. Чүй жана Нарын облустарында төрттөн жаран каза болду.