Ош шаарындагы Аскар Шакиров көчөсүнө асфальт төшөлүп, жол 2019-жылдын аягында пайдаланууга берилген. Оңдолгон жолдун ачылыш аземине өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев өзү катышкан.
Бул көчөнүн жолун кеңейтүүгө жана оңдоого жалпысынан 70 млн сом каражат бөлүнгөн. Оңдоо иштерин «ТАС и Ко» компаниясы аткарган. Бирок жарым жылга жетпей 2 километр 400 метр узундуктагы асфальт жолдун 60 чарчы метри чөгүп кетип кайра оңдолду.
Аталган көчөнүн жашоочулары кайра оңдоого асфальттын сапатсыз салынганы себеп болгон дешет. Ал эми «ТАС и Ко» компаниясы жана жергиликтүү бийлик асфальттын чөгүшүн эски түтүктөр шарттады деген пикирде. Бирок «Ош шаар суу канал» ишканасынын башкы инженери Ормош Осмонов жана эскперттер башкача ойдо. «Клооп» тараптардын версияларын чогултту.
Тургундардын версиясы
Шакиров көчөсүндөгү унаа тетиктери дүкөнүнүн сатуучусу Нурулло Содиков асфальт тынымсыз каттаган оор жүк ташуучу унаалардын айынан бузулганын айтат.
«Ар дайым карасам жүк ташуучу фуралар, "ХОВО" жүк ташуучу унаалары өтөт. Ысык аба ырайында асфальт эрийт. Ал учурда оор жүк менен жүргөн сайын асфальт чөгө берет. Бул жолдо мүмкүн болушунча жеңил унаалар жүрсө мындай болмок эмес. Жол евростандарт менен салынган жок. Эгер дагы эки жыл ушундай оор жүк ташыган унаалар жүрө берсе анда жол таптакыр бузулат», — дейт Содиков.
Ал эми Жахонгир аттуу жашоочу жолду реконструкциялоодо асфальттын негизин тыгыздоо иштери жакшы жүрбөй калган деп эсептейт. Ошондой эле, жол шашылыш курулганын айтат.
«Бул жерден көптөгөн фуралар өтөт. Алар тормозду тээп токтогондо, асфальт эзилип, отуруп калып атат. Бул жолду былтыр кыш жакындаганда тез бүтүрүштү. Мүмкүн шашылыш болгон үчүн да сапатсыз болгондур», — деди ал.
Мэриянын версиясы
Ал эми Ош шаардык мэриясынын Жолдор башкармалыгынын директору Арзыбек Жунусов аталган жол оор жүк ташуучу унаалар калаанын ичиндеги жолдор менен жүрбөшү үчүн атайын ошого ылайыкталып курулганын билдирди.
Ошондой эле, Жунусов топуракты жаткырууда атайын техника колдонулганын эске салды. Ал эми асфальт жолдун асты аркылуу өткөн эски түтүктөрдөн чыккан суунун кесепетинен отуруп калды деп ишендирди.
«Экскаватор менен 2 метрге чейин каздырып бардык канализация түтүктөрүн алмаштырттык. Анан ишти аткарган компания байкабай калган кандайдыр бир белгисиз түтүктөр калып кеткен экен, ошолор тешилип суу чыккан. Ал 2 метрден да тереңдиктен чыгып атат. Каерде, кандай тереңдикте түтүктөр бар экенин эч ким билбейт. Алар 30-40 жыл мурун өткөрүлгөн», — деп түшүндүрдү Жунусов.
Анын айтымында, аталган түтүктөр «Ош шаар суу канал» муниципалдык ишканасында катталбай калгандыктан да алардын бар болгонун эч ким билген эмес.
«Ош шаар суу канал» ишканасынын версиясы
«Ош шаар суу канал» муниципалдык ишканасынын башкы инженери Ормош Осмонов Аскар Шакиров көчөсүндөгү байкалбай калып кеткен эски түтүктөр жолдун алты айдан кийин оңдоп-түзөө иштерине себеп болду дегенге кошула албастыгын билдирди. Осмоновдун айтымында, түтүктөрдөн суу чыгып, кайра оңдоого дуушар болуп жатса, демек компания ишти аткарууда кандайдыр бир катачылык кетирген.
«Кайра оңдолгон жерлердин баарынан суу чыгып, асфальт чөгүп кетип ремонт кылышкан жок алар [компания]. Менин билишимче бир эле жер ошондой болгон. Калган жерлеринде андай маселе жок. Балким жакшы тапталбагандыктан чөгүп кеткендир, себеби шашылыш кылышты, ага баардык шаардыктар күбө болду го», — дейт Осмонов.
Ошондой эле, башкы инженер жолду жасоодон мурун эрежеге ылайык компания эски түтүктөрдүн баарын бууп салышы керектигин айтты.
Ал эми жол куруу боюнча эксперт Заир Сабиров асфальттын чөгүп кетиши анын алдында калып кеткен боштуктан улам болоорун белгилейт. Анын айтымында, көбүнчө боштук суудан жана тыгыздоонун жакшы болбогондугунан болот.
«Адисттер жолду салаардан мурун тиешелүү кызматтар менен иш алпарып, анын астындагы түтүктөрдөн сырткары асфальттын негизин жакшы таптап, андан нымды толук чыгарып салуу керек. Жолдун душманы суу болот негизи», — деп түшүндүрдү Сабиров.
«ТАС и КО» ЖЧКсынын версиясы
«ТАС и КО» ЖЧКсынын жетекчиси Мирбек Сатиев Шакиров көчөсүнүн айрым жерлери түтүктөн суу чыгып кеткендиги үчүн чөккөнүн айтат. Компания жол отура баштаганын кышында байкаган. Сатиев кабарлагандай, жаз айы келери менен «ТАС и КО» жолду калыбына келтирмек, бирок карантин учурунда уруксат берилбей оңдоо иши созулуп кеткен.
«Шаарда чуу жаралып, талкууга алынып кеткендиктен, бул жолкусунда териштирип отурбай эле жасап койдук. Эми кийинкисинде эмне себептен кайра оңдош керек, жолдун бузулушуна ким күнөөлүү ошого карап анан оңдоп-түзөө иштерин кылабыз. Анткени бир да жашоочу “мен мыйзамсыз түтүк улап алгам” деп айтпайт экен. Анан каерде дагы түтүктөр көмүлдү экен деп биз да мина издегендей издей албайт экенбиз», — дейт Сатиев.
Анткен менен Сатиев үч жылга чейин оңдоп-түзөө иштерин компания өз эсебинен жүргүзөөрү келишимде көрсөтүлгөндүгүн кошумчалады. Анын айтымында, болжол менен 50-60 чарчы метр жерди кайрадан калыбына келтиришкен. Ал эми калган жерлерди профилактика иретинде текшерип, кайра асфальтты жамашкан.
Ош шаардык мэриясынын Жолдор башкармалыгынын директору Арзыбек Жунусов жолду реконструкциялоодо кетирилген кемчиликтер үчүн кайсы бир тарап жоопкерчиликке тартылабы деп суроо узатканыбызда, компаниянын жолду кайрадан оңдоп-түзөп жатканы аларга карата чара деп эсептейт.
«Үч жылга чейин биз өзүбүз да карап турабыз, кайсы жеринде кемчиликтери бар, же тургундардан “мына бул жерлерин оңдоого туура келип жатат” деген арыз түшсө компанияга кайрылабыз, алар ошол иштерди жасап берет. Келишим ушундай түзүлгөн», — деди Жунусов.
«Жолдор Кыргызстандын экономикасынын күзгүсү»
Шакиров көчөсүнүн узундугу 2 км 400 метрди түзөт. Аны кеңейтүү үчүн 600дөй бак-дарак кыйылган. Жол мөөнөтүнөн бир айга кечиктирилип пайдаланууга берилген. Компания мунун себебин реконструкция учурунда жолдун алдындагы канализация жана суу түтүктөрү жарылып, аларды алмаштырууга туура келгендиги менен байланыштырган. Андан сырткары, электр мамычаларын жылдырууга туура келгендиги менен түшүндүргөн.
Шакиров көчөсүнүн тургуну Бахромжон Мамасаитов жашоочулардын асфальттын чөгүшүнө жана анын сапатына тиешеси жок деген пикирде. Анын айтымында, жолдун бузулуп баштаганынын башкы себеби анын шашылыш курулганында.
«Булар сапатсыз асфальт да, эптеп-септеп эле тез убакытта жасап коюшту. Шашылыш түрдө шагылды төгүп, тромбовканы сапатсыз кылып, үстүнө асфальтты төшөп бүтүрүп коюшту. Анын үстүнө жолду күн суук болуп калганда жасашты. Жаан жаап жатканда да токтогон жок. Сапат ошондон да кетти. Суукта жасала турган асфальттын кошулмалары, технологиясы болот, алар да толук каралган жок», — дейт Мамасаитов.
Аталган жолдун ачылышына катышкан өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев, калаанын тургундарын куттуктап, «жолдор Кыргызстандын экономикасынын күзгүсү» деп билдирген. Анын айтымында, статистикага ылайык 1991-жылдан баштап 2010-жылга чейин 611, ал эми 2019-жылы 708 километр жол салынган. Анын ичинде 418 километри асфальт жол.
Шаардагы кайрадан оңдоого дуушар болгон курулуштар
Аталган жол салынгандан кийин кайра оңдолуп жаткан биринчи эле курулуш эмес. 2018-жылдын мартында Ак-Буура дарыясынын үстүнө узундугу 60 метр, туурасы 40 метрди түзгөн подиуму бар сахна пайдаланууга берилген. Анын ачылышына ошол кездеги примьер-министр Сапар Исаков катышып, куттуктоо сөзүндө «Ак-Бууранын үстүндөгү сахна уникалдуу, Орто Азияда жок» деп белгилеген. Подиумдун курулушуна алгач 16 млн 400 миң сом бөлүнгөн. Ал эми сахна түрүндөгү көпүрөнү «Сутранспромжилстрой» курулуш компаниясы курган.
Эки ай өткөн соң подиумдан жарака кетип, кафель сына баштаган. Подиумду калыбына келтирүү үчүн мэриянын казынасынан кошумча бир нече миллион сом каралып, жаңы салынган көпүрө кайрадан оңдолгон. Бул коомчулукта нааразычылык жаратып, шаардык кеңештин депутаттары күнөөлүү тараптарды жоопкерчиликке тартуу керектигин айтып чыгышкан.
Тема боюнча: