Бир суткада коронавирустан 89 бейтап айыкты

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Ош шаардык мэриясы

Республикалык штаб 10-июнга карата бир сутка ичинде коронавирустан дагы 89 бейтап айыкканын кабарлады. Бишкек шаарынан он беш, Ош шаары жана Жалал-Абад облустарынан берден, Чүй облусунан 59 жана Нарын облусунан он үч бейтаптын коронавируска кайрадан тапшырган анализдери терс жыйынтык көрсөттү.

Ал эми өлкө боюнча ооруну жеңгендердин саны 1572 кишини түзөт. Ошол эле учурда 10-июнга карата илдет 2093 кишиге жукканы ырасталган. Оору 26 кишинин өмүрүн алды.

Учурда ооруканаларда 495 адам дарыланып жатат, алардын экөө жандандыруу бөлүмүндө.