Дастан Догоев Гарвардда окуу үчүн отставкага кетти

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин (МТжБМК) төрагасы Дастан Догоев отставкага кетүү тууралуу арызын жазды. Ал кызматтан кетүүгө АКШнын байыркы окуу жайы — Гарвардга окууга өткөнү себеп болгонун айтты.

«Кабар» басылмасы 10-июнда Догоевдин билдирүүсүн жарыялап, анда ал мамкызматтан кетип жатканы тууралуу жаңылыкты ырастап, Гарвардда окуй турганы боюнча комментарий берген.

«Гарвард университетинде билим ала турганым боюнча маселени президент менен да, премьер-министр менен да макулдаштым. Мындай мүмкүнчүлүк өмүрдө бир гана жолу келээрин эске алуу менен жетекчилик мени бул маселеде колдоду, бул үчүн чоң ыраазычылык билдирем», — деп келтирет Догоевдин айткандарын басылма.

Президенттин жана МТжБМКнын басма сөз кызматтары Догоевдин отставкасы боюнча комментарий берише элек.

«Кабардын» маалыматына ылайык, Догоев гранттык негизде Джон Ф. Кеннеди атындагы мамлекеттик башкаруунун Гарвард инстутунун бир жылдык магистратура программасына тапшырган.

Окуудан толугу менен колу бошобогондугуна байланыштуу Догоев мамкомитеттин башчылык кызматынан кетүүнү чечкен, бирок ал президенттин санариптештирүү маселелери боюнча кеңешчиси бойдон калууда.

«Бүгүнкү күндө, санариптештирүү боюнча коюлган максаттарга жетүү үчүн бардык керектүү ресурстар каралган, тиешелүү база түзүлгөн, санарип транформация боюнча эффективдүү башкаруу системасы иштеп жатат, ошондой эле, мамлекеттин, жеке сектордун жана донордук коомчулуктун өз ара аракеттешүүсү жогорку деңгээлге жетти», — деп белгиледи Догоев.

Дастан Догоев МТжБМКнын төрагалык кызматына 2019-жылдын 29-майында өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевдин сунуштамасы боюнча дайындалган.

Догоев жана чуулар

Дастан Догоев ММК өткөргөн биометрикалык жалпы жарандык паспортторду сатып алууга байланыштуу иштин күбөсү катары өтүп жатат. Тергөө ведомствонун аткаминерлери тендерден уткан компания менен «байланыштуу» болушкан деп эсептейт.

Ошондой эле Догоев бир жылга жетпеген убакыттай Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы болгон. Ал 2018-жылы февралда отставкага кеткен. Ал иштеп турган кезде МКК ызы-чууга кабылган.

«Клооптун» иликтөөчүлөрү өкмөттүк серверлердин биринде мамлекеттик эмес samara.kg сайты орноп турганын аныкташкан.

Бул сайт болжолдуу президенттикке талапкер, натыйжада шайлоодо жеңип чыккан Сооронбай Жээнбековдун шайлоо кампаниясы менен байланыштуу болгон. Samara.kg сайты аркылуу өлкөнүн жарандарынын жеке маалыматтарына жеткилик алуу мүмкүн болуп турган.

Догоев бул окуяда негизги аткаминер болгон — журналисттер тарабынан көрсөтүлгөн далилдерге жана талапкердин штаб кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүнө карабастан, ал өкмөттүк сервер инфраструктураларында «Самара» орноп турганын жана анын Жээнбеков менен байланышын четке каккан.

МКК 48 саатка жетпеген убакытта ички иликтөө жүргүзүп, алардын серверинде эч качан samara.kg сайты орноп турбаганын билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Самарагейт, 1-эпизод. Кыргызстан өкмөтүнүн серверин президенттик шайлоого таасир этүүгө аракет кылыш үчүн кантип колдонушкан?