Кыргызстанда коронавирус 2093 кишиге жукту. Бир суткада жаңы 38 учур аныкталды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Ош шаардык мэриясы

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 10-июндагы брифингде Кыргызстанда коронавирустун жаңы 38 учуру катталганын билдирди. Алардын ичинен Нарын жана Талас облустарында бирден, Бишкек шаарынан он тогуз, Чүй облусунан жана Ош шаарынан алтыдан, Ош облусунан үч жана Жалал-Абад облусунан эки учур катталды.

Жуктуруп алгандардын ичинен жетөө чет өлкөдөн келгендер, 24ү оору жуккандар менен байланышта болгондор. Ал эми жети кишиге оору кайдан жукканы белгисиз, учурда тактоо иштери жүрүп жатат.

Ошентип Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 2093кө жетти. Илдеттен 26 киши каза болуп, 1572 бейтап айыгып үйлөрүнө чыгарылган.

Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 574. Чүй облусунда коронавирус 409 адамдан табылды. Ош облусунда – 242, Ош шаарында – 242, Жалал-Абад облусунда – 171, Баткен облусунда – 32, Нарын облусунда – 400, Ысык-Көл облусунда – 22 жана Талас облусунда бир учур катталды.

Ооруканаларда 495 адам дарыланууда. Алардын ичинен ону оор абалда, экөө жандандыруу бөлүмүндө. Өлкө боюнча обсервацияларда 1671 адам жатат, үй карантинине 8858 адам алынган. Бир сутка ичинде 2816 изилдөө жүргүзүлдү.