Бишкектеги Аламүдүн базары дезинфекцияга жабылат

Бишкектеги Аламүдүн базары 12-июндан 14-июнган чейин дезинфекцияга жабылат. Бул тууралуу ӨКМдин Бишкектеги Башкармалыгынын башчысы Адилбек Чаргынов брифингде билдирди.

Чаргыновдун айтымында, базар калаанын аймыгында коронавирустун жайылышына жол бербөө үчүн дезинфекцияга жабылат.

Базарларды дезинфекциялоо үчүн ӨКМ өрт өчүрүү жана куткатуу бөлүмдөрүн колдонот.

Буга чейин Бишкек мэриясы Ош жана Орто-Сай базарларын дезинфекцияга жабууну чечкен. Ал күнү калаанын вице-мэри Азизбек Алымкулов аталган базарларда коронавирус жугузуунун очогу табылганын билдирген болчу.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык штабдын жыйындарынын биринде Кыргызстанда бизнес да, массалык иш-чараларга катышып жаткан жарандар да санитардык нормаларды сактабай жатат деп даттанган.

Мындан кийин, Саламаттык сактоо министрлигинин массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салып, эскертүү бергенине карабастан, 11-июнда жогорку кызматтагы аткаминерлердин көбү Бишкектеги «Кайнар» ресторанына чогулушкан.

Ресторанда «Республиканын» жаңы лидери Мирлан Жээнчороевди жана депутат Аалы Карашевди көрүүгө мүмкүн болгон.

Кийинчерээк, Бишкек мэриясы «Кайнар» ресторанына «Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу жөнүндө» беренеси боюнча штраф салган.