Улуттук гвардиянын аскерлеринен COVID-19 табылды — Москвадагы парадга башка курам барат

Улуттук гвардиянын болжолдуу 10 жоокеринде коронавирус аныкталды. Бул курамдын аскерлери Москвада өтө турган Жеңиш парадына катышышмак. Ал 24-июнда өтүп, Улуу Ата Мекендик согуштун 75-жылдыгына арналат.

Бирок куралдуу күчтөрдүн башкы штабынан Кыргызстан парадга катышуудан баш тартпасын билдиришти. Ага аскерлердин башка курамы жөнөтүлөт.

«Коронавирус аныкталган жоокерлер дарыланууга, ал эми алар менен байланышкандар обсервацияга жөнөтүлдү. Буга карабастан, Кыргызстан Москвадагы Жеңиш парадына катышат», — деп билдиришти Башкы штабдан «Клоопко».

Башкы штаб «Спутникке» курган маегинде инфекция Жеңиш парадына даярданып жаткандардын арасында эмес, камсыздоо бөлүмүндөгү жоокерлерде аныкталганын кабарлаган.

«Вирустун тездик менен жайыларын эске алып, маанилүү иш-чарага башка жоокерлерди жиберүүнү чечтик. Алар Улуттук гвардиянын ичиндеги эмес, Куралдуу күчтөрдүн башка аскер бөлүгүндөгү кызматкерлер болот», — деп айтып беришти Башкы штабдан.

Москвадагы Жеңиш парадына Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков да катышат. Бул жылы коронавирус кырдаалына байланыштуу 9-майда парад өтпөй калган. Кыргызстанда да өзгөчө абал режиминин жана коронавирустун айынан Жеңиш күнүнө карата парад өткөрүлгөн эмес.

Бирок Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы 9-май күнү Жеңиш аянтында кечки салют уюштурган. Ошондой эле «Өлбөс полктун» жүрүшү да токтотулуп, ал онлайн өткөрүлгөн.

12-июнга карата Кыргызстан боюнча коронавирус жуктуруунун 2 166 учуру катталган, алардын ичинен 1 668 адам айыккан, 472 бейтап дарыланууда. COVID-19дан улам 26 адам каза тапкан.