Кыргызстанда коронавирус дагы 87 адамдан аныкталды — жалпы 2372 учур

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Ош мэриясы

Өткөн сутка ичинде Кыргызстанда коронавирус инфекциясы дагы 87 адамдан табылды — алардын 22си медкызматкер. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 15-июндагы брифингде билдирди.

Илдеттин эң көп жаңы учуру Бишкек шаарында катталды — 48. Алардын арасында 12 медкызматкер бар. Ош шаарында коронавируска беш медкызматкер жана 18 адам чалдыкты. Ошондой эле коронавирус Ош облусунда беш, Жалал-Абадда үч, Ысык-Көл облусунан эки жана Чүй облусттарында он бир кишиде табылды.

Covid-19га чалдыккандардын ичинен 64 киши оору жугузуп алгандар менен байланышта болгондор. Ал эми 24 кишиге оору кайдан жукканы белгисиз, учурда тактоо иштери жүрүп жатат.

Ушуну менен коронавирусту жуктуруп алган жарандардын саны 2372ге жетти — анын 460ы медкызматкер. Өпкө илдетинен жалпысынан 1813 адам айыкты, жыйырма жети бейтап көз жумду.

Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкек шаарында катталган — 726 учур. Нарын облусу бул көрсөткүч боюнча экинчи орунда келе жатат — 407 учур. Ош облусунда — 255, Жалал-Абад облусунда — 185, Ош шаарында — 269, Чүй облусунда — 215, Баткен облусунда — 36, Ысык-Көл облусунда — 31 жана Талас облусунда сегиз адам илдетке чалдыкты.

Мындан тышкары, чет өлкөлөрдөн келген кыргызстандыктардын арасында 240 адамда коронавирус аныкталды.

Учурда ооруканаларда 531 адам калууда — алардын 27си оор абалда, төртөө жандандыруу бөлүмүндө. Өлкө боюнча обсервацияга 2041 адам алынды.

Коронавируска чалдыккандар менен карым-катнашта болгондордун саны 10 013тү түздү. Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн саны — 2278.