«Алайдын» футболчулары бир нече айдан бери айлык ала электигине даттанышты

Ош шаарынын «Алай» футбол клубунун оюнчулары 16-июнда бир нече айдан бери айлык маяналарын ала албай жатышканын билдирип мэриянын алдында чогулушту. Аларды калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов кабыл алды.

Оюнчулар көйгөй бир гана айлык маянада эмес экендигин, жетекчилик тарабынан колдоо көрсөтүлбөй топтун ичинде өз ара маселелер болгондугун айтып, клубдун вице-президенти Сейит Аматовду кызматтан алууну талап кылышууда.

«Бул нааразычылык айлыктын айынан эле чыгып жаткан жок. Бардык көйгөйлөр чогулуп калган. Былтыры, мурдагы жылы дагы ушундай нерселер болгон. Жетекчилик тарабынан айлыкты бербей, айыппул салып, башаламандыктар болуп келет. Азыр оюнчулар “Алайдын” вице-президенти Сейит Аматовго нааразы болуп, мэрге келишти. Клуб өнүгүш үчүн жаңыланыш керек», — деп билдиришкен оюнчулар «Т-Медиа» басылмасына.

Мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров «Клоопко» шаардын мэри оюнчулардын көйгөйүн чечип берет деп ишендирди. Ал эми маяна маселесин пандемияга байланыштырып, бул көйгөй бир гана мэриядан көз каранды эмес дейт.

«Футболисттер көйгөйлөрүн ачык айтышты, бул жерде финансылык эле эмес, түзүлгөн шарттар жана клубдун жетекчилиги боюнча да маселелер бар экен. Бул көйгөйлөр боюнча атайын комиссия түзүлүп каралат. Ал эми финансылык маселелерди шаардын мэри чечип бере турган болду, балдар айлык акыларын алышат», — деди ал.

Шаардын бюджетине коронавирус пандемиясынан улам киргизилген өзгөчө абал режими учурунда 100 млн сомдон ашык каражат түшпөй калган. Мындан улам шаардык депутаттар казынаны кайрадан карап чыгаары айтылган.

Аталган футбол клуб 1960-жылда негизделген. Клуб Ош мэриясына карайт жана жергиликтүү казынадан каржыланат. «Алай» Ош шаарынын атынан Кыргызстандын Премьер Лигасында – өлкөнүн жогорку футбол дивизионунда ойнойт.