Көпчүлүк коалиция премьерлик кызматка Бороновдун талапкерлигин бир добуштан колдоду

Материал 16:30да жаңыртылды.

Парламенттик көпчүлүктүн коалициясы Кубатбек Бороновдун техникалык премьер-министрлик кызматына талапкерлигин бир добуштан колдоду. Ошондой эле өкмөттүн программасы, түзүмү жана курамы бекитилди. Эми анын талапкерлиги бардык парламент, андан кийин президент жактырышы керек.

«Мухаммедкалый Абылгазиевдин кеткени түзүлгөн кырдаалда саясий жактан туура кадам болду. Өзүңөр билгендей эле Кубатбек Боронов өкмөттү Жогорку Кеңешке шайлоо башталгыча гана жетектейт. Ал техникалык премьер болот. Ар ким эле мындай саясий тобокелге бара бербейт», — деди көпчүлүк коалициясынын лидери Иса Өмүркулов.

Ошондой эле Өмүркулов коалициянын негизги максаты — өкмөттүн ишин колдоо жана анын жумушка жөндөмдүүлүгүн сактоо экенин айтты.

«Биздин максат — өкмөттүн жумушун токтотпоо. Биз туруксуздандыруу үчүн шарт түзбөшүбүз керек. Милдетибиз — тандалган багытта мындан ары иштешине жардам берүү. Биз кризистен эң аз жоготуулар менен чыгышыбыз керек», — деп белгиледи ал.

Боронов депутаттарды талапкерлигин көрсөтүп атышканы үчүн ыраазычылык билдирип, өкмөттүн мурда кабыл алынган программасын улантаарын айтты.

«Учурдагы коронавирустун пандемиясы дүйнө экономикасына, анын ичинде биздин экономикабызга да олуттуу түзөтүүлөрдү киргизип жатат. Ошондуктан жылдын аягына чейин өкмөттүн артыкчылыктуу багыттарында бир катар өзгөрүүлөр болушу күтүлүүдө», — деди Боронов.

Анын айтымында, экономиканы калыбына келтирүү жана коронавируска каршы аракет кылуу үчүн өкмөттө саясий эрк бар.

«Таза жана айкын парламенттик шайлоону камсыздоо дагы өкмөттүн артыкчылыктуу милдети болуп саналат», — деп айтып берди Боронов.

Боронов биринчи вице-премьер-министрдин кызматына мурдагы депутат Алмазбек Баатырбековду, ал эми өкмөттүн аппаратынын жетекчилигине Таалайбек Темиралиевди сунуштады.

Ошондой эле Боронов Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин башчылык кызматына Жогорку технологиялар паркынын директору Алтынбек Исмаиловдун талапкерлигин сунуштады.

Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин отставкасы тууралуу жарлыкка 16-июнь күнү эртең менен кол койду.

Абылгазиевдин радио жыштыктарга байланыштуу отставкасы

Өкмөт башчысы отставкага кетүү тууралуу арызын 15-июнда жазган. Абылгазиев өз билдирүүсүндө отставкага кетүү себебин радио жыштыктарды сатуу чуусуна байланыштуу деп билдирген. Бирок ал бул иштерге тиешеси жоктугун айтып келет.

Абылгазиевдин айтымында, анын отставкага кетүү тууралуу чечими өлкө «коронавирус инфекциясына каршы туруп жана анын экономикага келтирген кесепеттери менен күрөшүп жаткан» татаал шартта министрлер кабинетинин туруктуу иштешин камсыздап берүү каалоосуна байланыштуу.

«Ал эми белгисиздик абалы өкмөттүн толук кандуу ишине тоскоолдук келтирет. Ушул өңүттөн алып караганда мен өзүмдөн КР премьер-министри ыйгарым укугунан баш тартуу чечимин кабыл алдым», — деген ал.

Депутат Жанар Акаев майдын аягында ошол учурда премьер болуп турган Абылгазиевдин радио жыштыктарынын «арзыбаган баага» сытылышына тиешеси бар болушу мүмкүн деп билдирген. Ал эми Абылгазиев өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, депутат Жанар Акаев «жалган маалымат» таратууда деп айткан.

Бирок өкмөт башчысы бул айыптоолордун шартында кыска мөөнөттү эмгек өргүүсүнө кеткен. Ал өргүүсүнүн себебин «тергөө органдарына басым кылды» деп эч ким шектенбесин деген максат менен түшүндүргөн.

Абылгазиев 2019-жылдын май айында КТ« Мобайл» компаниясына байланыштуу чуунун айынан аз жерден кызматынан ажырап кала жаздаган. Ошондо Абылгазиев компаниянын директорунун орун басары Эрназар Рысалиев менен туугандык байланышы бар экени аныкталган.

Эске салсак, Абылгазиев өкмөт башчылыкка 2018-жылдын 20-апрелинде киришкен. Ал башка премьерлерге караганда бул кызматта узак мөөнөт иштеди. Депутаттар Абылгазиевдин талапкерлигин мурдагы өкмөт башчысы Сапар Исаковго ишеним көрсөтпөө вотумунан кийин дароо эле жактырышкан.

Исаков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үзөңгүлөшү болгон жана ал Атамбаев менен учурдагы мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы араздашуунун шартында отставкага кетирилген.