Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын 75 пайызы айыкты

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Республикалык штабдан 16-июнга карата бир суткада коронавирус жуктурган дагы 34 бейтап айыкканын кабарлашты — алардын ичинде беш медкызматкер бар. Айыккандардын эң көбү Чүй облусунда катталды — 17. Ошондой эле Бишкек шаарында тогуз, Нарын облусунда төрт, Ош шаарында үч жана Жалал-Абад облусунда бир бейтаптын коронавируска тапшырган анализдери терс жыйынтык көрсөттү.

Ушуну менен коронавирус жуктуруп айыккан бейтаптардын саны 1847ге жетти — бул жалпы оорулуулардын дээрлик 75 пайызын түзөт. Алардын арасында 359 медкызматкер бар.

Кыргызстанда 16-июнга карата коронавирустун жаңы 100 учуру катталып, жалпы илдет жуктургандардын саны 2472ге жетти. Бүгүнкү күндө ооруканаларда 597 адам жатат — алардын ичинде алты бейтап оорукананын жандандыруу бөлүмүндө.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.