Өлкөнүн 30 телеканалы телекөрсөтүү жөнүндө мыйзамына түзөтүүлөргө каршы чыкты

16-июнда өткөн басма сөз жыйында 30 телеканалдын өкүлү «Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө» мыйзамга түзөтүүлөрдү чакыртып алыш керек деп билдиришти, анткени алар кабыл алынган учурда атамекендик телеберүү жарнама берүүчүлөрдөн акча албай, банкрот болуп калышы мүмкүн.

Түзөтүүлөргө ылайык, Орусиянын «Первый канал. Всемирная сеть» (ОРТ) жана «РТР-Планета» Кыргызстанда 2023-жылга чейин ретрансляцияланат. Ошол эле маалда каналдар контенттин 50% милдеттүү түрдө атамекендик программалар менен толтурулушу керектиги тууралуу мыйзамдын талабын аткарбастан өздөрүндө жарнама жайгаштыра алышат. Ошондой эле аларга кыргыз тилинде контент жасоо керектелбейт.

«Санарип технологиялар» компаниясынын директору Кубат Оторбаевдин айтымында, эгер мыйзам кабыл алынып калса, анда ал улуттук телекөрсөтүүнүн индустриясын жок кылып коё алат.

«Мыйзам эки окуудан кабыл алынды, ушундай болсо ал улуттук телевидение индустриясын жок кылып коё алат. ОРТ жана РТР телеканалдарында жарнама ачылышы мүмкүндүгү коркунуч туудурат. Алардын кыргызстанда обого чыгуусуна каршылыгыбыз жок, бирок биз бул каналдарда жарнаманын ачылышына каршыбыз, бул түзөтүүлөр атамекендик телевидениени коркунучка кептеп коёт», — деп билдирди Оторбаев.

«Индустриялуу медиакомитет» бирикмесинин башкармалыгынын төрагасы Евгений Тисленко кошумчалагандай, эгер түзөтүүлөр кабыл алынып калса, ОРТ менен РТР мыйзамдын эфирди атамекендик контент менен толтуруу тууралуу нормаларын аткарбай калат, бирок ошол эле учурда өз каналдарында жарнама жайгаштыра алышат.

«Атамекендик контент уникалдуу болушу керек, бул үчүн каражат керектелет. Мыйзамдын нормаларын аткарбай жаткан чет өлкөлүк каналдар өздөрүнө жарнама жайгаштыруу укуктарына ээ болушу жол берилгис нерсе. Эгер мыйзам ушундай формулировкада кабыл алынса, [атамекендик] телеканалдарга контент жаратуу үчүн керектелген жарнамалык бюджеттер талаага кетет», — деп айтып берди басма сөз жыйында Тисленко.

Телеканалдардын өкүлдөрү президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, андан мыйзамды ушундай редакцияда кабыл албоону суранышты. Мындан сырткары, алар түзөтүүлөрдү өлкөнүн медиа коомунун өкүлдөрү менен талкуулоо үчүн жумушчу топ чогултулушун каалашат.

Орус телеканалдарын трансляциясы

Маданият маалымат жана туризм министрлиги эки орус телеканалынын ретрансляциясын узартууну сунуштоодо, себеп дегенде алар кыргыз калкынын арасында популярдуулукка ээ.

Түзөтүүлөр боюнча, ОРТ менен РТР Кыргызстанда 2023-жылга чейин трансляцияланат, андан кийин Орусиянын телеканалдарынын берүүлөрүнөн толугу менен баш тартуу маселеси каралат.

Маданият министрлигинин пикири боюнча, мындай чечим «атамекендик каналдарга орус телеканалдары өндүргөн контент менен атаандаштыкты баштоо үчүн материалдык-техникалык базасын жана кадрдык саясатын күчтөндүрүүгө шарт түзөт», — деп айтылат маалым-кат негиздемеде.

Медиа коомунун мүчөлөрү мыйзам долбоорун кабыл албоо өтүнүчү менен депутаттарга да кайрылышкан, бирок буга карабастан аны эки окууда жактырышкан.

Медиа коому ошондой эле мыйзам кабыл алынып калган учурда Орусиянын телеканалдарына кыргыз тилинде контент жаратпоого уруксат берилерин байкап калышкан.

«Базарда бирдей эмес шартты түзгөн мыйзамдарды кабыл албаш керек. Бул мыйзам долбоору ТВ-индустриябызды кыйратып коюушу мүмкүн. Мыйзам долбооруна ылайык, чет элдик эки телеканалга мыйзамды сактабаганга, кыргыз тилинде контент жасабоого уруксат берет, ал эми жергиликтүү каналдардан бул талап кылынат, ошол эле кезде жарнамага да уруксат берилиши мүмкүн», — деп айтылат кайрылууда.

Медиа коомчулук билдиргендей, орусиялык телеканалдардын популярдуулугуна байланыштуу жарнама берүүчүлөр аларга кетип калат, ал эми жергиликтүү каналдар кирешелеринин үчтөн бирин жоготуп алышы ыктымал.

«Бул жылы COVID-19дун айынан медиа-рынок 70-80%га төмөндөгөнүнө байланыштуу жергиликтүү телеканалдар мындайга чыдай алышпайт. Мыйзам долбоору эксперттердин жана телеканалдардын өкүлдөрүнүн консультациясы жок эле шашылыш түрдө кабыл алынууда», — деп айтылат кайрылууда.