Бишкек шаардык №1 ооруканасынын дагы үч кызматкеринде коронавирус табылды

Бишкектеги №1 шаардык ооруканада дагы үч медкызматкерде COVID-19 аныкталды. Алардын баары №6 шаардык клиникалык ооруканасында дарыланышууда.

«Бул ревматология бөлүмүнүн медиктери. Алардын оорусу симтому жок өтүп жатат. Бейтаптарды текшерип койдум — аларга жуккан эмес», — деп билдирди «Клоопко» оорукананын башкы врачынын орун басары Улан Мусаев. Анын айтымында, медиктердин абалы жакшы.

Буга чейин врачтар оорукананын ушул эле ревматология бөлүмүндөгү төрт медкызматкердин инфекция жуктуруп алганы тууралуу кабарлашкан. Ушуну менен ооруканада коронавируска чалдыккан медиктердин саны жетиге жетти.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 495ке жетти. Алардын арасынан эки медицина кызматкери коронавирустан каза болду, ал эми 367 медик айыкты.

17-июнга карата Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын саны 2 562 адамга жетти. Бүткүл республика боюнча 1901 бейтап айыгып чыккан. Пандемия башталгандан бери өлкө боюнча коронавирустан 30 адам каза тапкан.