COVID-19 жуктуруп, бирок анын белгилери байкалбай жаткандар үй карантинине чыгат

Саламаттык сактоо министрлиги 17-июндан тарта COVID-19 оорусу симптому жок өтүп жаткандардын баары үйгө чыгарыларын, ал эми инфекциянын белгилери барлар ооруканада дарыланарын билдирди. Инфекциянын белгилери жок ооругандар үйгө жөнөтүлөөрү тууралуу бир күн мурда белгилүү болгон.

Анда саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов дарылануу үчүн үйгө чыгарылган бейтаптардын туугандарына да оору жукпашы үчүн вируска чалдыккандардын үйлөрү текшерилет деп айткан.

Ведомство COVID-19дун симптому жок түрү атайын дарылоону талап кылбасын, анткен менен ал жугуштуу деп айтууда. Үй карантини учурунда алардын үстүнөн колдонмо аркылуу көзөмөл жүргүзүлүп турат.

«Ал жакта аларга дыкат медкароо болот, ИИМдин кызматкерлери тарабынан көзөмөл жүргүзүлөт. Ар бир учурда мобилдик колдонмо пайдаланылат», — деп айтып берди Нурболот Үсөнбаев 17-июндагы брифингде.

Бул кандай колдонмо?

Балким кеп Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын тапшырмасы менен Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин (МТжБМК) программчылары иштеп чыккан STOP COVID-19 KG колдонмосу жөнүндө болуп жатса керек.

«Колдонмо карантин мезгилинде тийиштүү милдеттенмеге кол койгон жарандын ыктыярдуу макулдугу менен гана телефонго орнотулат», — деп билдирген штаб.

Штабдан колдонмонун жардамы аркылуу адамдар медиктерге ден соолугу тууралуу кабарлай алышаарын жана кокус киши өзүн начар сезсе SOS ыкчам баскычын пайдалып жардам ала алышаарын белгилешти. Мындан тышкары, врачтар бейтаптын саламаттыгына аралыктан байкоо жүргүзө алышаары, бул өз учурунда «дарыгерлердин ишин жеңилдетет».

Биз бул колдонмону изилдеп көрүп, ал колдонуучулар үчүн эмнеси менен кооптуу болору тууралуу айтып бергенбиз.

17-июнга карата Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын саны 2 562 адамга жетти. Бүткүл республика боюнча 1901 бейтап айыгып чыккан.

Пандемия башталгандан бери өлкө боюнча коронавирустан 30 адам каза тапкан.