Финполдун Оштогу имараты карантинге жабылды — ведомствонун бир адисинде COVID-19 чыкты

Ошто Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (Финпол) имаратында кызматкерлердин биринде кайра тест тапшыруу учурунда COVID-19 тастыкталды. Бул тууралуу Финполициянын басма сөз катчысы Анастасия Пискур «Клоопко» билдирди.

COVID-19га чалдыккан кызматкер иштеген имарат жабылып, тазаланууда. Ал эми башка кызматкерлерге байкоо жүргүзүлүүдө.

«Кызматкерлерге байкоо жүргүзүлүүдө, анткени жакынкы убакта жарандарды кабыл алуу же иштөө туура эмес болот», — деп түшүндүрдү Пискур.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 17-июнга карата Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын саны 2 562 адамга жетти. Бүткүл республика боюнча 1901 бейтап айыгып чыккан. Пандемия башталгандан бери өлкө боюнча коронавирустан 30 адам каза тапкан.