Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 2657ге жетти — жаңы 95 учур катталды

Сүрөт: Ош шаардык мэриясы

Өткөн сутка ичинде Кыргызстанда коронавирус инфекциясы дагы 95 адамдан табылды, алардын 14тү медкызматкер. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 18-июндагы брифингде билдирди.

Оорулуулардын 49у Бишкек шаарында аныкталып, алардын бешөө медкызматкер. Чүй облусунда он төрт — алардын арасында эки медкызматкер. Ошондой эле, Ош шаарында төрт медкызматкер жана үч жаран коронавируска чалдыкты, Нарын облусунда болсо эки медкызматкер жана беш жаранда илдет аныкталды. Ош облусунда COVID-19 жети бейтаптан табылды. Ошондой эле, Жалал-Абад облусунда алты — алардын бирөөсү медкызматкер, Талас облусуна төрт жана Баткен облусунда бир бейтаптан коронавирус аныкталды.

Жаңы катталган учурлардын 57си обсервацияда болгон жарандардан чыккан. Төрт учур сырттан келгендер, ал эми 36 учурдун булагы белгисиз болууда.

Ушуну менен коронавирусту жуктуруп алган жарандардын саны 2657ге жетти — анын 509у медкызматкер. Өпкө илдетинен жалпысынан 1933 адам айыгып, 31 бейтап көз жумду.

Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкек шаарында катталган — 868 учур. Нарын облусу бул көрсөткүч боюнча экинчи орунда келе жатат — 423 учур. Ош шаарында — 294, Чүй облусунда — 269, Ош облусунда — 274, Жалал-Абад облусунда — 195, Баткен облусунда — 40, Ысык-Көл облусунда — 33 жана Талас облусунда 21 адам илдетке чалдыкты.

Мындан тышкары, чет өлкөлөрдөн келген кыргызстандыктардын арасында 240 адамда коронавирус табылды.

Учурда ооруканаларда 693 адам дарыланууда, алардын 38и оор абалда, алтоо жандандыруу бөлүмүндө. Өлкө боюнча обсервацияга 1569 адам алынды.

Коронавируска чалдыккандар менен карым-катнашта болгондордун саны 11 217ни түздү. Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн саны — 3808.