Ош шаардык стоматологиянын башкы дарыгери «алдамчылыкка» шектелүүдө

Ош шаардык стоматологиялык поликлиниканын мурунку эки кызматкери 18-июнда маалымат жыйын курду. Алардын айтымында, аталган оорукананын башкы дарыгери Талантбек Төрөканов жумушка алуу үчүн 3,5 миң доллардай каражат алган. Бирок Төрөканов бул айыптоону жалган жалаа деп атады.

Стоматологдордун бири Айбек Бегалиев «Клоопко» билдиргендей, 2019-жылдын ноябрында ал Төрөкановго филиал ачуу боюнча консультацияга барган. Бирок алгач мамлекеттик ооруканада иштеп тажрыйба топтоо керек болгон.

«Биз үч ай иштегенден кийин эле прокуратурадан текшерүү келип калды. Төрөканов бизди дагы чакырып, “силердин ишиңер чала болуп калды эле, ошого мени прокуратура текшерип жатат. Алар мени иштен алып салбасын, ошого силер өз каалоңор менен иштен кетем деп арыз жазып тургула, анан силерге акчаңарды кайтарып берейин” деди», — деп кейиди Бегалиев.

Бегалиевдин айтымында, Төрөканов алардын акчасын 29-мартка кайтарып бере турган болуп убадалашышкан, бирок карантинге байланыштуу акчаны барып алышкан эмес. Карантин бүткөндөн кийин акчаны сурап барганда, башкы дарыгер акчаны кайтаруудан баш тартып койгон.

«Мындан эки жума мурун Ош шаардык милициясына кайрылганбыз. Азыр тергөө жүрүп жатат. Бизге акчабызды кайтарып берсе болду. Кийин уктук, биздин ордубузга башка кишилерди алыптыр. Ал киши ушинтип бизнес кылып алган окшойт», — деди Бегалиев.

Ал эми стоматолог Айбек Умаров шаардык стоматологиялык поликлиникада бир жыл төрт ай иштегенин айтат. Бул убакыт ичинде башкы дарыгерге ар бир айда 4-5 миң сомдон берип турдум дейт.

«Эмгек стажы кетсин деп мажбур акча берип иштеп жүрдүм эле. Бир күнү мага “салык кызматы келип, сага 100 миңден ашык штраф салып койду. Эми бул поликлиникадан чыгып кетишиң керек. Эгер сен иштен чыгып кетсең ошол айыппулду төлөбөй каласың” деди. Менде анча акча болбогондуктан, макул дедим эле, иштен алып койду», — деп түшүндүрдү Умаров.

Бегалиев жумушка кирүү үчүн Төрөкановго 2000 АКШ долларын, ал эми Умаров 100 миң сомдон ашуун акча беришкенин айтышат.

Төрөкановдун версиясы

«Муну мен мага карата жалган жалаа жабуу үчүн болуп жаткан иш деп эсептейм. Муну алар кимдир бирөөлөрдүн көрсөтмөсү менен иш алпарып жатышат. Менин жашым 60тан ашкан, көп жылдан бери иштейм жана мыйзам чегинде гана иш алпарып жүрөм», — дейт Төрөканов «Клоопко» курган маегинде.

Анын айтымында, Бегалиев жана Умаров 2019-жылдын аягында жумушка кирүү үчүн поликлиникага келишкенде, мектептерден жана бала бакчалардан стоматологдор керек деген кайрылуу түшкөн. Ылдам убактылуу келишим менен экөө жумушка алынган.

«Карантин болуп мектептер жабылып калгандан кийин, алар буйрук боюнча поликлиникага келип иштерин улантышы керек эле, бирок келишкен жок жумушка. Анан кийин келип алышып поликлиниканын филиалы кылып ачып бересиз деп зордоп жатышат. Ага мыйзам жол бербейт да. Мен ага макул болгон жокмун», — деп түшүндүрдү Төрөканов.

Башкы дарыгер Бегалиев менен Умаров карантинге байланыштуу мектептер жабылгандан кийин поликлиниканын имаратында иштеп, иш графиги менен жумушка келип турушса ал келишимди узартмакмын деп ишендирди.

«“Филиал кылып ачып бербесеңиз биз иштебейбиз” дешти эле макул дегем, анан зордоп жумуштан кетүү жөнүндө арыз жаздырган эмесмин. Алар өз каалоосу менен арыз жазгандан кийин да буйрукту чыгарбай 4-5 күн күткөнбүз, алар келбей койгондон кийин анан айла жок иштен чыгарганбыз», — дейт Төрөканов.

Ал эми поликлиникага прокуратурадан жана салык кызматынан текшерүүлөр келгенин ырастады. Бирок алар кадимки пландык текшерүү деп кабарлады.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков Бегалиев менен Умаровдон 2020-жылдын 8-июнунда арыз келип түшкөнүн тастыктады. Окуя «Алдамчылык» беренеси менен Кылмыштардын жана Жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө амалдары жүрүп жатат.