«Азаттык» үналгысынын кызматкери коронавирус жуктуруп алды

«Азаттык» үналгысынын Бишкек бюросундагы бир кызматкерине коронавирус жукканы ырасталды. Басылманын директору Айзада Касмалиеванын «Клоопко» маалымдашынча, учурда кызматкерлер анализ тапшырышууда.

«Бир кызматкерден кечээ коронавирус аныкталды. Мурдагыдай эле аралыктан иштөөнү уланта беребиз. Кызматкерлер анализ берип жатышат», — деди ал.

Буга чейин КТРКнын «Ала-Тоо 24» программасынын бир журналистинен коронавирус аныкталганын башкы директор Жайнак Үсөн уулу тастыктаган болчу. Анын айтымында, илдет жуккан кызматкер учурда ооруканага жаткырылып, абалы туруктуу. Ооруну ал кайдан жуктуруп алганы тастыкталган эмес. Ал карым-катнашта болгон башка кызматкерлердин бардыгы обочолонгон.

23-июнга алынган маалымат боюнча Кыргызстанда жалпысынан 3519 кишиге коронавирус жугуп, 2054 адам оорудан айыгып, 41 бейтап каза болду.