Кыргызстанда коронавирус 3519 кишиге жукту. Бир суткада жаңы 163 учур аныкталды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Республикалык штаб

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратев 23-июндагы брифингде Кыргызстанда коронавирустун жаңы 163 учуру катталганын билдирди.

Алардын ичинен Баткен жана Талас облустарында бирден, Бишкек шаарынан 94, Чүй облусунан 22, Ош шаарынан он алты, Ош облусунан тогуз, Нарын облусунан жети жана Жалал-Абад облусунан он үч учур катталды.

Ошентип Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 3519га жетти. Илдеттен 41 киши каза болуп, 2054 бейтап айыгып үйлөрүнө чыгарылган.

Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 1242. Чүй облусунда — 467, Ош облусунда – 351, Ош шаарында – 378, Жалал-Абад облусунда – 246, Баткен облусунда – 44, Нарын облусунда – 457, Ысык-Көл облусунда – 60 жана Талас облусунда 34 учур катталды.

Ал эми чет өлкөдөн келген кыргызстандыктардын арасында 240 адамдан коронавирус аныкталган.

Ооруканаларда 607 адам дарыланууда. Алардын ичинен 45и оор абалда, 10у жандандыруу бөлүмүндө. Үй карантинине 14 148 адам алынган. Бир сутка ичинде 4520 изилдөө жүргүзүлдү.