Бишкек шаарында коронавирус жуктургандардын саны 1200дөн ашты

Сүрөт: Бишкек мэриясынын фейсбук баракчасынан алынды

Аймактар боюнча COVID-19дун эң көп учуру Бишкек шаарында катталды — 1242. Анын ичинен 816 адам коронавирустан айыгып чыкты, 11 бейтап каза болду.

20-июнда Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдон коронавирус аныкталган. Ал үй шартында иштеп жатат.

Ошол эле күнү COVID-19 «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Бейшеналы Нурдиновдон табылганы белгилүү болгон — ал спикер Дастан Жумабековдон сырткары дээрлик бардык депутаттар менен карым-катнаш түзгөн. Ал эми Жумабеков менен вице-спикер Аида Касымалиева коронавируска тапшырган анализи терс жыйынтык көрсөткөн.

Бирок COVID-19 22-июнда Жогорку Кеңештин эки депутатынан жана парламенттик аппараттын үч кызматкеринен да табылды. Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу депутаттар жана парламенттик аппараттын кызматкерлеринин баары коронавируска анализ тапшырарын билдирген.

Мындан сырткары басма сөз катчынын өзүнөн да 19-июнда коронавирус табылып, учурда ал Токмок шаарындагы ооруканада дарыланып жатат. Нуракун уулу соңку кырдаал парламенттин ишине азырынча таасир этпешин айткан.