Өкмөттүн мүчөлөрү жамааттык сүрөткө беткапсыз барып түшкөнү үчүн 140 миң сом штраф төлөштү

Бишкектин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык борборунан «Клоопко» билдиришкендей, экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди узатуу учурунда чогулуп сүрөткө түшкөнү үчүн өкмөттүн 28 мүчөсү айыппул төлөштү. Кыргызстандын өкмөт мүчөлөрүнүн ар бири 5 миң сом штраф төлөдү.

17-июнда учурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов баш болуп 100дөн ашуун киши беткапсыз сүрөткө түшкөн. Ошондой эле алар Саламаттык сактоо министрлигинин коронавирус эпидемиясынын маалында аралыкты сактоо сунушун сакташкан эмес. Бул күнү өкмөттө премьер-министрдин ыйгарым укуктары расмий түрдө Бороновго өткөрүлгөн болчу.

Мурдагы премьер-министр Абылгазиевди узатууда тартылган сүрөттү анын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев жарыялаган. Сүрөткө президент Сооронбай Жээнбеков да реакция жасап, Коопсуздук кеңештин жыйынында ал министрлер кабинетин коронавирустун пандемиясы учурунда санитардык эрежелерди бузганы үчүн сынга алган.

«Өкмөт мүчөлөрү топтошуп, социалдык дистанцияны сактабай, бет капсыз сүрөткө түшүштү. Бул сүрөт бүт өлкөгө тарады. Мындай нерселер аракеттерибиздин баарын жокко чыгарат. [...] Бул чаралар өкмөт аппаратынын катардагы кызматкерлерине карата колдонулбашы керек. Алар, менимче, башчыларынын буйругу боюнча чыгышкан. Баарыңар айып пул төлөшүңөр керек», — деп билдирген Жээнбеков.

Кийинчерээк жаңы премьер-министр Кубатбек Боронов нормалар бузулгандыгы үчүн кечирим сурап, өкмөттүн бардык мүчөлөрү, ошондой эле экс-премьер Мухаммедкалый Абылгазиев да штраф төлөйт деп билдирген.

Бороновдун айтымында, ал өзү жана өкмөттүн башка мүчөлөрү сүрөткө түшүү үчүн беткаптарын чечишкен жана коомдун сыны туура.

Штрафты жамааттык сүрөткө түшүү үчүн жетекчиликтин буйругу менен чыккан өкмөттүн катардагы кызматкерлери гана төлөбөйт.

Кыргызстанда 23-июнга карата коронавирус жуктуруунун 3 519 учуру катталып, 1 424 бейтап стационарларда дарыланууда. Пандемия маалында жалпысынан 2 054 бейтап айыгып, 41 адам каза тапкан.

ТЕМА БОЮНЧА: «Баарыңар айып пул төлөшүңөр керек». Президент өкмөттү санитардык эрежени бузганы үчүн сындады