«Баарыңар айып пул төлөшүңөр керек». Президент өкмөттү санитардык эрежени бузганы үчүн сындады

Президент Сооронбай Жээнбеков 19-июнда Коопсуздук кеңешинин жыйынында мурдагы өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевди узатуу учурунда санитардык эрежелерди бузушканы үчүн өкмөттүн бардык мүчөлөрү айып пул төлөшү керек деп билдирди. Анын айтымында, ансыз да көптөгөн жарандар «бул илдеттин артынан бийлик акча кылууда, бул илдет жок» деген ойлорду айтып жатат.

«Өкмөт мүчөлөрү топтошуп, социалдык дистанцияны сактабай, бет капсыз сүрөткө түшүштү. Бул сүрөт бүт өлкөгө тарады. Мындай нерселер аракеттерибиздин баарын жокко чыгарат. [...] Бул чаралар өкмөт аппаратынын катардагы кызматкерлерине карата колдонулбашы керек. Алар, менимче, башчыларынын буйругу боюнча чыгышкан. Баарыңар айып пул төлөшүңөр керек», — деп билдирди Жээнбеков.

Мурдагы премьер-министр Абылгазиевди узатууда тартылган сүрөттү анын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев жарыялаган. Сүрөттө 120дан ашуун адамдын бири-бирине жанаша турганын жана алар беткап тагынбай турушканын көрүүгө болот. Саламаттык сактоо министрлиги жарандардан коронавирус эпидемиясыныны маалында санитардык эрежелерди сактоону дайыма талап кылып келет.

Сүрөттө адамдар санитардык нормаларды сактабай жатат, 50дөн көп адам чогулууда, беткап тагынбай жана аралыкты сактабай жүргөндөр толтура деп арызданган жаңы өкмөт башчысы Кубатбек Бороновду да көрүүгө болот.

Боронов санитардык талаптар аткарылбай жаткандыктан адамдар өзүнү жана өзгөлөрдүн ден соолугун коркунучка кептегендиктен, бийлик коронавируска каршы күрөштүн чараларын катаалдатышы мүмкүндүгүн айткан. Мисалы, 50дөн ашуун адам чогулган ресторан жана кафелерди жабуу чечими кабыл алынган.

19-июнга карата Кыргызстанда коронавирус жуктургандарды аныктоо боюнча кезектеги антирекорд катталды, сутка ичинде вирус жуктуруунун 132 жаңы учуру катталды.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө COVID-19 жуктуруунун жалпысынан 2 789 учуру катталды. Стационарларда 544 бейтап дарыланууда, пандемия убагында оорудан жалпысынан 1 961 адам айыгып, 32 адам каза тапкан.