Кыргыз-кытай чек арасындагы «Эркечтам» өктөрмө бекети төрт күнгө жабылат

Кыргыз-кытай чек арасындагы «Эркечтам» өкөрмө бекети 25-июндан 28-июнга чейин жабылып, жүк ташуулар убактылуу токтойт.

Чек ара кызматынан кабарлашкандай, мындай демилгени Кытай тарап күрүч майрамына карата көтөргөн. Аталган өткөрмө бекети 29-июндан тарта ишин жандантат.

Кыргызстан Кытай менен болгон чек арасындагы бекеттерди быйыл январь айынын аягында коронавирус илдетинен улам жапкан. 15-апрелден тарта «Эркечтам» өткөрмө бекети иштей баштаган. Учурда ал жерде товарларды алып өтүүдө өзгөчө талаптар сакталып, жүк бир гана Кытайдан Кыргызстанга ташылып жатат.