Кыргызстанда коронавирус дагы 22 медиктен аныкталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 23-июнга карата Кыргызстанда бир суткада коронавирус дагы 22 медицина кызматкеринен аныкталганын кабарлады.

Бишкек шаарынан он бир, Ош шаарынан эки, Чүй облусунан тогуз медик өпкө илдетине чалдыкты. Ал эми эки медкызматкердин коронавируска кайрадан тапшырган анализи терс жыйынтык көрсөтүп, үйүнө чыгарылды.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 604кө жетип, алардын 389у өпкө илдетинен айыккан. Эки медицина кызматкери коронавирустан каза болду.

Алардын бирөө Бишкектеги №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүмкан Көкүмбаева. Ал эми экинчиси Ош облусунун Кара-Кулжа райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун фтизиатры Альберт Исмаилов.

Иш убагында коронавирусту жуктуруп алган медкызматкерлерге өкмөт 200 миң сом кун төлөйт, каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө берилчү компенсациянын өлчөмү 1 млн сом. Кун төлөөнүн алдында Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы комиссия инфекция жуктуруп алган медиктердин ар бир учурун иликтейт.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 23-июнга карата 3519га жетти. Алардын ичинен 41и каза болуп, 2054 адам илдеттен айыкты.