Кыргызстанда коронавирус жуктуруп каза болгондордун саны 41ге жетти

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Республикалык штаю

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратев 23-июндагы брифингде коронавирус жуктурган дагы бир бейтап каза тапканын билдирди.

Ал Бишкек шаарындагы Кыргыз-түрк ооруканасында дарыланып жаткан. Маркум 56 жашта болгон.

«Бейтап ооруканага оор абалда келип дарыгерлердин аракеттерине карабай оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза болду», — деди Каратев.

Ушуну менен COVID-19дан көз жумган бейтаптардын саны 41ге жетти, алардын арасында эки медкызматкер жана бир мугалим бар. Кыргызстанда 23-июнга карата коронавирус жалпысынан 3519 кишиге жукту. Анын 2054ү айыгып ооруканадан чыгарылды. Учурда 607 киши дарыланып жатса, алардын ону жандандыруу бөлүмүндө.