Коронавируска тапшырылган ПЧР-анализдин терс жыйынтыгы вирустун жоктугун кепилдебейт — ССМ

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев 24-июнда бирифингде коронавируска тапшырылган ПЧР-диагностиканын терс жыйынтыгы инфекциянын жоктугунун кепилдиги болуп эсептелбесин билдирди.

«Алгачкы беш күн ичинде организм бул вирус менен өзү күрөшөт. Ошондуктан биринчи анализдер терс болуп чыгышы мүмкүн. Бирок бизде 13-14-күндө кайталап анализ алганда оң жыйынтык көрсөткөн учурлар бар. Ошондуктан биринчи жолкудан, эгер ПЧР терс болсо, анда ал адамда коронавирус жок деп ырастоого болбойт», — деди Каратаев.

Министрдин орун басары билдиргендей, ПЧР-анализ таза чыккан учурда жана клиникалык симптомдор бар болгондо адам «өзүнө кам көрүп, иммунитетти көтөрүп, санитардык режимди сакташы» керек.

Штабдын маалыматына ылайык, 24-июнга карата коронавирус 207 адамда табылды. Өлкө боюнча жылпысынан вируска чалдыккан 3 726 адам катталган.

Өткөн суткада коронавирус инфекциясына чалдыккан дагы бир бейтап каза тапты. Пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирус кептеген инфекциядан 42 адам каза тапты.

Коронавирустун катталган бардык учурларынын үчтөн бири акыркы аптага — 17-23-июнга туура келди. Муну менен бирге COVID-19 диагнозу коюлган адамдар да көбүрөөк каза таап жатат. Акыркы бир жума ичинде 13 адам каза болуп, бул дүйнө салгандардын жалпы санынын үчтөн бирине туура келет.

ТЕМА БОЮНЧА:

Канча көп тест тапшырылса, ошончо көп бейтап аныкталат. Коронавирус кептеген көйгөйдү түшүндүрүп беребиз