Кыргызстанда коронавирустун жаңы 207 учуру катталды — бул жаңы антирекорд

Иллюстративдик сүрөт

Өткөн сутка ичинде Кыргызстанда коронавирус инфекциясы дагы 207 адамдан табылды — алардын 25и медкызматкер. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 24-июндагы брифингде билдирди.

Жаңы катталган учурлардын дээрлик жарымы Бишкек шаарында катталды — 92, алардын сегизи медкызматкер. Ош шаарында коронавирус 38 бейтап менен беш медкызматкерде аныкталды. Чүй облусунда илдетке 35 адам чалдыкты — алардын бешөө медкызматкер. Ош облусунда 28 — алардын төртөө медкызматкер, Нарын облусунда беш — анын экөөсү медкызматкер. Ал эми Ысык-Көл облусунда эки, Жалал-Абад облусунда бир бейтап, ошондой эле, Талас облусунда бир медкызматкер COVID-19га чалдыкты.

Ушуну менен коронавирусту жуктуруп алган жарандардын жалпы саны 3726га жетти — анын 629у медкызматкер. Өпкө илдетинен жалпысынан 2082 адам айыгып, 42 бейтап көз жумду.

Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 1334. Чүй облусунда — 502, Нарын облусунда – 462, Ош шаарында – 421, Ош облусунда – 379, Жалал-Абад облусунда – 247, Ысык-Көл облусунда – 62, Баткен облусунда – 44, жана Талас облусунда 35 учур катталды.

Ал эми чет өлкөдөн келген кыргызстандыктардын арасында 240 адамдан коронавирус аныкталган. Алар Орусиянын Соль-Илецк шаарынан — 119, Санкт-Петербург шаарынан — 100 жана башка шаарлардан келген 21 кыргызстандыктар.

Учурда ооруканаларда 623 адам дарыланууда — алардын 42си оор абалда, 12си жандандыруу бөлүмүндө. Өлкө боюнча обсервацияга 1471 адам алынган.

Коронавируска чалдыккандар менен карым-катнашта болгондордун саны 15 065ти түздү. Акыркы суткада 4196 изилдөө жүргүзүлгөн.