Президент Москвадан келери менен үч күндүк обочого кетет

Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдиргендей, Сооронбай Жээнбеков Москвадан Бишкекке келгенде обочолонууда болот.

«Президент жана башка адамдар дагы анализдери чыкканга чейин 3 күнгө обочолонууга чыгышат», — деп билдирди Стамалиева. Эгер президентте коронавирус аныкталса, ал дарыланууга жөнөтүлөт.

Мурдараак президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков менен президенттик күзөттүн бир кызматкеринде коронавирус аныкталган. Алар Кыргызстанга кайтып келери менен алгоритмге ылайык 14 күндүк карантинге жөнөтүлөт.

Делегациянын мүчөлөрү коронавирус жуктуруп алгандыктан Жээнбеков Москвадагы Парадга катыша албай калды. Стамалиева ал жакка бара турган делегациянын бардыгы Москвага учаарга чейин эле COVID-19га тест тапшырганын, анда бардыгынын жыйынтыгы таза чыкканын билдирди.