Жумгалдын Чаек айылын сел суулары каптады

Нарын облусунун Жумгал районунда 23-июнда нөшөрлөп кыска убакытка жааган жамгырдан улам коктулардан сел суулары келип, Чаек айылындагы 15 үйдүн короо-жайын каптаган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кабарлашынча, ӨКМдин райондук бөлүмүнүн ыкчам тобу жана 20 куткаруучу менен 40тай жергиликтүү тургун тартылып, жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюшкан. Андан сырткары атайын техникалар дагы тартылган.

Жаратылыш кырсыгынын кесепетин жоюуга куткаруучулар менен жергиликтүү тургундар дагы тартылды.

Кыргызгидромет Нарын облусунда 23-июнда күндүз жана 24-июнда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, ал эми бийик тоолуу аймактарга кар жаашы күтүлөрүн эскерткен.

Эске салсак, буга чейин июнь айынын башында Нарын шаарында нөшөрлөп жамгыр жаап, анын кесепетинен калаадагы үйлөрдү сел суулары каптаган болчу.