Коронавирус жуктургандар рекорддук көрсөткүчкө жетти — бир суткада 228 учур катталды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: 24 kg

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратев 25-июндагы брифингде Кыргызстанда коронавирустун жаңы 228 учуру катталганын билдирди.

Алардын ичинен Баткен облусунан эки, Талас облусунан үч, Бишкек шаарынан 113, Чүй облусунан 24, Ош шаарынан 32, Ош облусунан 31, Жалал-Абад облусунан он, Нарын облусунан бир жана Ысык-Көл облусунан он эки учур катталды.

Ошентип Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 3954кө жетти. Илдеттен 43 киши каза болуп, 2112 бейтап айыгып үйүнө чыгарылган.

Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 1447. Чүй облусунда — 526, Нарын облусунда – 463, Ош шаарында – 453, Ош облусунда – 410, Жалал-Абадда – 257, Ысык-Көлдө – 74, Баткенде – 46 жана Талас облусунда 38 учур катталды.

Ал эми чет өлкөдөн келген кыргызстандыктардын арасында 240 адамдан коронавирус аныкталган.

Ооруканаларда 635 адам дарыланууда. Алардын ичинен 42си оор абалда, он экиси жандандыруу бөлүмүндө. Үй карантинине 16 265 адам алынган. Бир сутка ичинде 4 160 изилдөө жүргүзүлдү.