Кыргызстанда коронавируска сапатсыз тест жүргүзүлбөйт — ССМ

Мадамин Каратаев

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 25-июндагы брифингде өлкөдө коронавируска сапатсыз тест жүргүзүлбөйт деди. Ал мындай билдирүүнү Москвага барганда президенттин делегациясындагы эки кишиден коронавирус тастыкталганына байланыштуу суроого жооп берип жатып жасады.

«Алар Кыргызстанда качан тест тапшырышканы боюнча маалыматым жок экен. Бирок кээ бирде, мисалы, кечээ тапшырган болсо, анан анализди эртең кайра тапшырып жаткан болсо анда түнү байланышта болуп калышы мүмкүн. Муну атайын изилдеп туруп анан жыйынтыгын айтуу керек. Бир жактуу айта албайм», — деди ал.

24-июнда президент Сооронбай Жээнбеков Орусияда Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгын майрамдоого карата иш-чараларга катышмак. Бирок аны коштоп барган делегациянын эки мүчөсүндө коронавирус аныкталган. Мындан улам Жээнбеков Москвадагы парадга катышпоону чечкен.

Өлкө башчысы жана делегация мүчөлөрү Кыргызстанга кайтып келишти. Оору тастыкталгандар Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулар клиникасына жаткырылды. Ал эми президент жана делегациянын башка мүчөлөрү үч күндүк изоляцияга алынды. Андан кийин байланышта болгондордон кайрадан анализ алынат.