Өлкөдө бир суткада 19 медиктен коронавирус аныкталды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Республикалык штаб

Республикалык штаб 25-июнга карата Кыргызстанда бир суткада коронавирус дагы 19 медицина кызматкеринен аныкталганын кабарлады.

Бишкек шаарынан он үч, Ош, Талас, Баткен облустарынан бирден жана Ош шаарынан үч медик өпкө илдетине чалдыкты. Ал эми жети медкызматкердин коронавируска кайрадан тапшырган анализи терс жыйынтык көрсөтүп, үйүнө чыгарылды.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 648ге жетип, алардын 396сы өпкө илдетинен айыккан. Эки медицина кызматкери коронавирустан каза болду.

Алардын бирөө Бишкектеги №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүмкан Көкүмбаева. Ал эми экинчиси Ош облусунун Кара-Кулжа райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун фтизиатры Альберт Исмаилов. Маркумдардын үй-бүлөсүнө өкмөт миллион сомдон компенсация төлөп берди.

Белгилей кетсек, коронавируска каршы күрөшүп жаткан учурда илдет жуктуруп алган медкызматкерлерге өкмөт 200 миң сом кун төлөйт, каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө берилчү компенсациянын өлчөмү 1 млн сом. Кун төлөөнүн алдында Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы комиссия инфекция жуктуруп алган медиктердин ар бир учурун иликтейт.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 25-июнга карата 3 954кө жетти. Алардын ичинен 43ү каза болуп, 2 112 адам илдеттен айыкты.