Коронавирустан дагы 50 бейтап айыкты, алардын көпчүлүгү Бишкектин тургундары

Иллюстративдик сүрөт

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 26-июнга карата коронавирустан дагы 50 бейтап айыкканын кабарлады — алардын ичинде 7 медкызматкер бар.

Айыккандардын эң көбү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталды — 21 жана 17. Ошондой эле Жалал-Абад облусунда 10 жана Ош облусунда эки бейтаптын коронавируска кайрадан тапшырган анализдери терс жыйынтык көрсөттү.

Жалпысынан өлкө боюнча коронавирустан арылгандардын саны 2162ге жетти — бул жапы оорулуулардын 51 пайызын түзөт. Ал эми айыккандардын 403ү — медкызматкер. Оорудан 43 киши кайтыш болду.

Учурда стационарда 633 адам дарыланып жатат — алардын ону ооруканалардын жандандыруу бөлүмүндө.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.