Коронавирус жуктуруп каза болгондордун саны 47 кишиге жетти

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Дмитрий Мотинов

Республикалык штабдан 28-июнда СOVID-19 жуктурган дагы бир бейтап каза болгонун билдиришти. Маркум Бишкектеги Республикалык клиникалык ооруканасында дарыланып жаткан — ал 56 жашта болгон.

Өлкө боюнча коронавирус жуктуруп көз жумгандардын саны 47ге жетти. Алардын арасында эки медицина кызматкери бар.

Кыргызстан боюнча СOVID-19 шарттаган ооруга чалдыккандардын жалпы саны — 4748. Анын ичинен 2242 бейтап айыгып чыкты.