«Банктардын монополиясы, көмүскөгө кеткен акча». Акча алмаштыруучу жайлардын өкүлдөрү депутаттарга кайрылышты

Ош шаарында 26-июнда акча алмаштыруучу жайлардын өкүлдөрү маалымат жыйын курушту. Ишкерлер депутаттардан валюталарды алмаштыруучу жайларды жабуу боюнча мыйзам долбоорун артка кайтарууну өтүнүштү.

Буга чейин, 15-апрелде, бир нече депутаттар «Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» жана «Террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизип, «алмашуу бюро» деген түшүнүктү жокко чыгарууну сунуштаган.

Мыйзам долбоорунун негиздемесинде, 2020-жылдын март айында коронавирус пандемиясы дүйнөдө кескин жайылып баштаганда, акча алмашуу бюролору «белгисиздик жана тынчсыздануу кырдаалынан пайдалануу менен» долларга негизсиз алмашуу курстарын койгон. Мындан улам «жасалма толкун жаралып, чет өлкөлүк валютага болгон суроо-талап жогорулаган» деп жазылган.

Акча алмаштыруу функциялары банктарга, кредиттик союздарга, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларга калтыруу сунушталууда.

Эскерте кетсек, 19-мартта, АКШ долларынын курсу бир сааттын ичинде 72 сомдон 85 сомго чейин кымбаттаган.

Ошондой эле депутаттар алмашуу бюролорунун кардарларынын өздүгү аныкталбай, валюталарды алмашуу операциялардын реалдуу көлөмдөрүн жашырылган деп эсептейт. Бул жыйынтыктоо Улуттук банк тарабынан жүргүзүлгөн 1215 текшерүүнүн натыйжасында чыккан.

Доллардын өсүшү, жумушсуздук жана терроризмди каржылоо

Акча алмаштыруучу жайлардын өкүлү Авазхан Мариповдун айтымында, доллард курсун жасалма түрдө жогорулатуу негизсиз жүйө деп эсептейт. Себеби доллардын баасы дүйнөлүк базарга ылайык кымбаттайт.

«Бул мыйзам долбоорунда акчаны [доллардын баасын] көтөрүп, элди ызы-чууга салган акча алмаштыруучу жайлар болуп жатат дейт. Акча алмаштыруучу жайлар эмес да, бул — дүйнөнүн рыногуна байланыштуу», — деди Марипов.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 444 алмашуу бюролору иштейт. Алардын бири «Форекс Плюс» ЖЧКсынын өкүлү Сталбек Чотуевдин айтымында, алмашуу бюролорунда орто эсеп менен 4-5 кызматкер иш алып барат. Ал эми алмашуу бюролору жабылса 30-40 миң адам жумушсуз калуу коркунучу пайда болот.

«Алар эртең барып кайсы жакка иштейт? Аларды ким багат? Ошондой суроолорду биз жогорудагы айтылган депутаттарга бергибиз келет», — деди Чотуев.

Ошондой эле алмашуу бюролордун өкүлдөрү алар терроризмди каржылоого же мыйзамсыз акчаларды адалдаштырууга тиешелери жоктугун айтууда. Себеби жарандар акчаны башка өлкөлөргө которуу үчүн банктарга кайрылышат.

«Акчалар көмүскөгө кетиши ыктымал»

«Альянс» акча алмаштыруучу бюролор Ассоциациясынын төрагасы Чыңгыз Бийлибаев «Акчабар» басылмасына курган маегинде, бюролордун жабылса банктардын монополиясына алып келет деп билдирген.

«Акча алмаштыруучу жайлар калктын акча алмаштыруусунда олуттуу ортомчунун ролун ойнойт. Эске сала кетсек, 25-марттан тарта көпчүлүк бюролор жабылып, кызмат көрсөтпөй келет. Рынокто жалгыз оюнчулар катары коммерциялык банктар гана калышты. Акча алмаштыруу кызматтарынын монополдоштурулушу рынокко терс таасирин тийгизүүдө», — деген Бийлибаев.

«Акчабар» басылмасы жүргүзгөн анализдин жыйынтыгында, банктар койгон чет өлкөлүк валюталарды сатуу жана сатып алуудагы айырмалар кардарлардын арасында нааразычылык жаратууда. Мисалы АКШ долларын сатуу жана сатып алуунун ортосундагы айрымачылык 70 тыйынды түзсө, евро — 5.85 сомду түзгөн. Башкача айтканда, эгерде банк 10 миң евро сатса, ал андан 58.5 миң сом табат.

Ошондой эле доллар өскөн мезгилинде жарандар аны сатып ала албай, ал эми долларга болгон баа коюлгандан кийин аны сата албай жатышканына даттанышкан.

«Эгерде аталган мыйзам долбоору кабыл алына турган болсо, акча алмаштыруу жайлары коңшу Тажикстан менен Өзбекстандын тажрыйбасындай эле көмүскөгө кетиши ыктымал. Республиканы бул жылдын аягында күтүп жаткан бюджеттин курч жетишсиздигинин шарттарында кирешенин кошумча булактарынын жоголуусу кырдаады алда канча оорлотот», — деп эсептейт «Акчабар» басылмасы.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери

Айнура Осмонова/Гүлшат Асылбаева

Бул мыйзамды сунуштаган депутаттардын арасында Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова бар. Аталган депутаттар сунуштаган мыйзам долбоорлору биринчи эле жолу нааразычылык жараткан жок. Учурда «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору сынга алынууда.

«Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамдын демилгечилеринин оюнда, аталган мыйзам долбоору жалган маалыматтарды таратпоого жана фейк аккаунттарга каршы күрөшүүгө жардам берет. Документке ылайык, веб-сайттардын жана соцтармактардагы аккаунттардын ээлери каттоо учурунда чыныгы маалыматтарын көрсөтүүгө тийиш.

Мыйзам долбоору интернет провайдерлерден колдонуучулардын маалыматтарын, анын ичинде сүрөт, аудио жана видеолорун алты ай бою сактоону жана сурам боюнча бул маалыматтарды мамлекеттик органдарга берүүнү талап кылат. Бул кантип ишке ашаары белгисиз.

Мыйзамдагы аталган жобо сынга алынгандан кийин Асылбаева журналисттерге билдирүү таратып, анда бул берене алынып салынаарын айткан.

Аталган мыйзам долбооруна каршы болуп алгач миңдеген социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары, кийинчерээк 100гө жакын жарандык активист Жогорку Кеңештин имаратына чогулушкан.

Буга карабастан Жогорку Кеңештин 79 депутаты 25-июнда «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууларда жактырды. Ал эми мыйзам долбооруна болгону 10 депутат каршы добуш берди.

ТЕМА БОЮНЧА:

Депутат Бекешев Асылбаеванын «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамы тууралуу айтып берди

Бир кадр менен: Асылбаеванын «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбооруна каршы тынчтык митинги

Жээнбеков «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамды кабыл албашы керек — Журналисттерди коргоо комитети