Бир суткада дагы 44 медкызматкерден коронавирус табылды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Дмитрий Мотинов / Kloop.kg

Республикалык штаб 29-июнга карата Кыргызстанда бир суткада коронавирус дагы 44 медицина кызматкеринен аныкталганын кабарлады.

Бишкек шаарынан 23, Чүй облусунан он төрт, Ысык-Көл облусунан төрт, Жалал-Абад облусунан эки, Нарын облусунан бир медик өпкө илдетине чалдыкты. Ал эми он бир медкызматкердин коронавируска кайрадан тапшырган анализи терс жыйынтык көрсөтүп, үйүнө чыгарылды.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 783кө жетип, алардын 431и өпкө илдетинен айыккан. Эки медицина кызматкери коронавирустан каза болду.

Алардын бирөө Бишкектеги №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүмкан Көкүмбаева. Ал эми экинчиси Ош облусунун Кара-Кулжа райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун фтизиатры Альберт Исмаилов. Маркумдардын үй-бүлөсүнө өкмөт миллион сомдон компенсация төлөп берди.

Белгилей кетсек, коронавируска каршы күрөшүп жаткан учурда илдет жуктуруп алган медкызматкерлерге өкмөт 200 миң сом кун төлөйт, каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө берилчү компенсациянын өлчөмү 1 млн сом. Кун төлөөнүн алдында Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы комиссия инфекция жуктуруп алган медиктердин ар бир учурун иликтейт.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 29-июнга карата 5017ге жетти. Алардын ичинен 50сү каза болуп, 2294 адам илдеттен айыкты.