Өкмөт: Пневмония менен ооругандар үчүн кошумча орундар даярдалды

Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдагандай, Саламаттык сактоо министрлиги 28-июнга карата өпкөсү сезгенген бейтаптар үчүн кошумча орундарды даярдады.

«Улуттук госпиталдын урология бөлүмүнө кошумча 150, “Манас” аэропортунун аймагындагы обсервациялык жайга дагы 200 керебет жайгаштырылды. Булардын баары өпкө оорусу менен ооругандарды кабыл ала баштады. Бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн медициналык бригадалар түзүлдү. Бөлүмдөр зарыл болгон медициналык жабдуулар менен жабдылды», — деп түшүндүрүп беришти өкмөттөн.

Мындан тышкары, дарылоо мекемелерине 57 кычкылтек концентраторлору сатып алынган.

№1 шаардык ооруканага дагы кошумча 120 орун пневмония менен ооругандар ылайыкталып 29-июндан тарта иштей баштайт. Буга чейин Улуттук фтизиатрия борборунун базасында, Темир жол ооруканасында, Улуттук хирургия борборунда, Улуттук госпиталда, Курортология институтунда, №1 шаардык клиникалык ооруканада 400дөн ашык орун камдалган болчу.

Өкмөттөн билдиришкендей, бейтаптар үчүн орундар жетиштүү, ал эми COVID-19 илдети аныкталган бейтаптар үчүн өзүнчө стационарлар даярдалды.

Мурдараак, Саламаттык сактоо министрлиги пневмония болгон бейтаптардын саны өсүп кеткенин кабарлаган.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 29-июнда министрликтин айрым алгоритмдери өзгөргөнүн билдирди. Ага ылайык, эми ҮМБде коронавирус оорусу симптому жок өтүп жаткандар менен бирге пневмониянын же курч респиратордук вирустук инфекциянын (КРВИ) белгилери бар адамдар консультация ала алышат.

Мындан тышкары, оор дем алуу жана пневмониянын белгилери барлардын баары ПЧР-тести жок эле дарылоого кабыл алынат. Кийинчерээк алар стационарларда тест тапшырышат.

«Жарандар ҮМБге чалып, телефон аркылуу консультация алышы керек. Врач жазып берген дарылоону дароо башташ керек. Көбү күтө берип, ооруну ырбатып жиберишет, мындан соң пневмония башталат. Эгер температура 38ден жогору болсо, медкызматкерлерге чалыш керек», — деди ал.

29-июнга карата республика боюнча COVID-19га чалдыккандардын жаңы 269 учуру катталды. Жалпысынан пандемия башталгандан бери өлкө боюнча коронавирус 5017 кишиге жукту. Илдет 50 бейтаптын өмүрүн алды.