Коронавирус «Алайдын» дарбазачысында да аныкталды

Дастан Алыбеков

Ош шаарынын «Алай» футбол клубунун дарбазачысы Дастан Алыбеков коронавируска чалдыгып, 28-июнда ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу «Клоопко» клубдун директору Алмаз Сулайманов билдирди.

Сулаймановдун айтымында дарбазачы 26-июнда коронавирус жуктурганы белгилүү болгон клубдун оюнчусу Элхан Темирбаев менен бир бөлмөдө жашаган. Мындан улам ал Ахматбек Сүйүмбаев атындагы стадиондун жатаканасында башка оюнчулар менен чогуу 14 күнгө обочого алынган.

«Анын тапшырган ПЦР-анализинин жыйынтыгы биздикинен бир күндөн кийин чыкты, себеби анализ тапшыргандардын саны көп экен. Жыйынтыгында аны да ооруканага алып кетишти, калган оюнчулар жатаканада обочодо калууда», – деди ал.

Дарбазачы Дастан Алыбеков «Алай» менен 2019-жылда келишим түзгөн.

Ош шаарында 29-июнга карата коронавирустун жалпы 650 учуру катталды — алардын 199у айыгып, 8 киши илдеттен улам каза болгон.