Акыркы суткада коронавирус жуктурган 5 киши каза болду

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Дмитрий Мотинов / Kloop.kg

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 1-июлдагы брифингде коронавирус жуктурган дагы беш бейтап каза болгонун билдирди.

Республикалык жугуштуу оорулар клиникасында эки киши — алар 67 жана 57 жашта болушкан, Бишкектеги Кыргыз-түрк ооруканасынан 72 жаштагы киши, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынан 60 жаштагы киши, Чүй облусунун Москва аймактык ооруканасынан 70 жаштагы киши.

«Маркумдардын өнөкөт оорулары да болгон. Ошондуктан коронавирстан көз жумду деген бир аз туура эмес болуп калат. Коронавирус башка ооруларды өтүштүрүп жибериши мүмкүн, ушул себептен өлүмгө дуушар болушат», — деди Каратаев.

Ушуну менен COVID-19 жуктуруп көз жумган бейтаптардын саны 62ге жетти, алардын арасында үч медкызматкер жана бир мугалим бар. Кыргызстанда 1-июлга карата коронавирус жалпысынан 5735 кишиге жукту. Анын 2443ү айыгып ооруканадан чыгарылды.