COVID-19: Бишкектин бийлиги эпидемкырдаал курчугандыктан чектөөлөрдү киргизди

Коронавирустан айыгып чыккан Бишкектин мэри Азиз Суракматов 1-июлда өткөн брифингде COVID-19дун жайылышын болтурбоо үчүн жаңы чектөөчү чараларды сунуштады. Чектөөлөр 2-июлдан тарта күчүнө кирет.

Чектөөлөрдүн негизгилери коомдук транспорттун ишине тиешелүү — эми автобус, троллейбус жана кичи маршруттук автобустар иш күндөрү эртең менен саат 07.00дөн 10.00гө чейин жана кечки 17.00дөн 21.00гө чейин гана каттай алат. Ишемби жана жекшемби күндөрү муниципалдык транспорт толугу менен иштебейт, мындай чечим эки апта мурда эле кабыл алынган.

Такси кызматтары бардык санитардык нормаларды сакташса, иш күндөрү убакыт боюнча чектөөсүз иштей алышат. Дем алыш күндөрү такси иштебейт.

Соода борборлору жана супермаркеттер күндө саат 7:00дөн 19:00гө чейин иштешет. Ал эми Бишкектин аймагында жайгашкан базарлар саат 6:00дөн 17:00гө чейин ачык болот. Бардык коомдук тамактануу жайлары, кафе жана ресторандар 8:00дөн 20:00гө чейин гана иштей алышат.

Жаңы режим боюнча велосипеддерди ижарага берүүгө, уруксатсыз соода жүргүзүүгө, балдардын оюн-зоок аянттарынын, батуттардын, футбол аянттарынын жана башка балдардын көңүл ачып ойноо жайларына тыюу салынат.

Ошондой эле мэрия адамдар көп чогула турган парк, бульвар жана аянттарга барууну чектейт.

Мындан тышкары, келип-кеткендердин санына карабастан, бардык түнкү клубдар, салтанат өткөрүү залдары, барлар, караоке-клубдар жана башка көңүл ачуучу ишканалардын ишмердигине тыюу салынат.

Мэрия «Түндүк электр» ишканасы менен «Бишкек суу канал» ишканасына тыюуну бузган жайлардын электр энергиясы менен суусун өчүрүүнү сунуштады.

Суракматов билдиргендей, Бишкекте жаңы эрежелер сакталбагандыгы үчүн эле жазалар күчөтүлбөстөн, мындан тышкары, базарлар, соода борборлору, коомдук транспорттор жана башка коомдук жайлар боюнча рейддер көбөйөт.

«Ички иштер башкармалыгы, Шаардык милиция бөлүмдөрү жана участкалык милиционерлер тургундар, райондук активисттер жана бизнестин субъекттери менен санитардык ченемдерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек. Саламаттык сактоо башкармалыгы жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору оорунун очокторун аныктоо үчүн мобилдик топтордун ишин күчөтүшү зарыл», — деп билдирди калаа башчысы.

Өзгөчө абал режимин киргизүү

Президент Сооронбай Жээнбеков азырынча өзгөчө абал режими киргизилбейт деп билдирди. Ал буга өлкөдөгү экономикалык абалдын начар болгондугу себеп экенин айткан.

Кыргызстанда 22-марттан тарта өзгөчө кырдаал режими иштеп жатат. Ал эми 24-марттан 11-майга чейин өлкөнүн бир нече райондору менен Бишкек жана Ош шаарларында катаал өзгөчө абал режими иштеген.

ӨА режими алынгандан кийин Кыргызстанда жаңы жуктургандардын да, каза болгондордун да саны кыйла өсүп кетти. Соңку эки аптада каза тапкандар тууралуу дээрлик күн сайын кабарлашууда.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, коомдук транспорт шаардыктар үчүн вирус жуктуруунун эң башкы булагы болуп эсептелет. Чектөөлөрдүн жаңы режими ӨА режимине альтернатива катары киргизилди.

Өткөн сутка ичинде өлкөдө коронавирус 439 адамда аныкталды, алардын 195и Бишкекте катталган.

1-июлга карата Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын 5735 учуру катталган, алардын ичинен 2392си Бишкекте.

Өлкө боюнча 2443 адам инфекциядан айыккан, 62 адам коронавирус өөрчүткөн оорудан каза тапкан.

Пневмения болуп ооругандардын саны көбөйүп жатканы кырдаалды мында да оорлоттту — 1-июлга карата Бишкекте эле 746 адам ооруканага жаткырылган. Ошол эле учурда 217 адам оор абалда, 79 бейтап кыйла оор абалда.