Эки жеке лаборатория коронавируска анализ ала баштайт, бирок алар азырынча даяр эмес

1-июлда өткөн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев «Аквалаб» жана «Экспресс плюс» жеке лабораторияларына COVID-19га ПЧР жана ИФА тест алууга уруксат берилгендигин билдирди.

«Ошол жакка кайрыла аласыңар, ошолор өткөрүшөт», — деди Каратаев.

Орун басардын айтымында, ПЧР-анализдин баасы 1600 сомду түзөт.

Лабораториялар эмне дейт?

«Аквалабдан» «Клоопко» лаборатория керектүү реагенттер жок болгондуктан азырынча тест өткөрүүгө даяр боло электигин кабарлашты.

«Биз азырынча коронавируска анализ жүргүзбөйбүз. Расмий уруксат берилди, бирок бизде азыр реактивдер жок», — деп билдиришти лабораториядан.

Лабораториядан тесттин баасы реактивдер алынгандан кийин аныкталаарын кошумчалашты.

«Анализдин баасы ошол (1600 сом) ченемде болушу мүмкүн, бирок азырынча лабораториянын администрациясынан расмий маалымат ала элекпиз, тесттин баасын бизге айтыша элек», — деп белгилешти «Аквалабдан».

Бизге «Экспресс плюс» лабораториясынан да азырынча алар тест өткөрүүгө даяр эмес экенин, анткени тест үчүн система ала элек экенидигин билдиришти.

«Биз системаларга буйрутма бердик — ал анализ кыла турган топтом, азырынча колубузга тие элек. Менимче 10 [июлга] чейин аларды алып калабыз. Андан кийин баштайбыз», — деп айтышты лабораториядан.

Лабораториянын кызматкеринин айтымында, Саламаттык сактоо министрлиги аларга белгилүү тест-системалары менен иштөөнү сунуштаган.

«Тесттин баасын санай элекпиз, системаларды алаарыбыз менен эсептейбиз», — деп белгилешти «Экспресс плюстан».

ССМдин тизмеси боюнча анализ тапшыруу

COVID-19га тест өткөрүүгө уруксат берилген жеке лабораториялардын алгачкысы «Бонецкий лабораториясы» болгон, бирок анализди жеке тартипте тапшырса болбойт.

Лаборатория Саламаттык сактоо министрлигинин тизмеси боюнча медкызматкерлерди, күч түзүмдөрүнүн, анын ичинде мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерин тесттен акысыз өткөрөт. Бул тизмелерде Саламаттык сактоо министрлигинин пикири боюнча, жогору коркунуч тобуна кирген адамдар бар.

Ошондой эле «Бонецкий лабораториясында» «алдын ала жазылуу боюнча» корпоративдик кардарлар үчүн акылуу тест өктөрүшөт.

1-июлга карата Кыргызстанда коронавируска чалдыккан 5735 адам катталган. Алардын ичинен 62 адам каза таап, 2443 адам айыгып, ооруканалардан чыгарылган.