Жалал-Абадда коронавирус бир үй-бүлөдөгү 10 кишиге жугуп, экөө каза болду

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Республикалык штаб

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда коронавирус жуктуруп алган 74 жаштагы эне көз жумду. Маркум өпкө илдетин уулунан жуктуруп алган.

Аталган райондун акими Эрмекбай Омошев «Клоопко» билдиргендей, каза болгон эне 26-июнда карантиндик эрежелерди сактоо менен жерге берилген.

«Өкүнүчтүүсү бул үй-бүлөдөн дагы сегиз адам коронавирус менен ооруп жатат. Учурда алар ооруканада дарыланып жатышат», — деди Омошев.

17-июнда Жалал-Абад облусттук ооруканасында 36 жаштагы киши каза тапкан. Ал 11-июнда тажыяга катышуу үчүн облуска Бишкек шаарынан келип, саламаттыгы начарлап кеткендиктен ооруканага жаткырылган. Анда коронавирус аныкталып абалы оор болгон. Бирок оорунун белгилери маркумда борбор калаада жүргөндө эле болгон. Анткен менен ал убагында дарыгерлерге кайрылган эмес.

1-июлга карата өлкө боюнча коронавирус 5735 адамга жукту. Ал эми Жалал-Абад облусунда өпкө илдетине 360 киши чалдыгып, жалпы 6 адам көз жумду. Ошондой эле 196 бейтап сакайды.