«Чайкоочулукка жол берилбейт» — Финпол дарыканаларда баанын кымбатташы тууралуу

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финпол) бүткүл өлкө боюнча дарыканаларга үзгүлтүксүз рейд жасоонун жүрүшүндө беткап, антисептик, дары-дармек жана медициналык препараттардын баалары боюнча чайкоочулук фактылары аныкталганын маалымдады.

«Мисалы алар кымбат дарылардын бааларын орточо 200-300 сомго, эң арзан [дарылардын бааларын] 20-30 сомго кымбаттатышкан. [...] Калкта суроо-талап көп болгон каражаттарга [бааларды жогорулатышкан]», — деп билдиришти Финполдун басма сөз кызматынан «Клоопко».

Финполдон чайкоолукка каршы катаал чаралар көрүлөөрүн белгилешти.

«Азыр иш жүргүзүлүп, тиешелүү адамдар аныкталат», — деп билдиришти ведомстводон.

Ведомство ишкерлерди жана дарыканалардын ээлерин абалдан пайдаланып, бааларды кымбаттатпоого чакырып, ал эми жарандардан эгер баалардын кымбаттатылганына күбө болушса финполго кайрылууну суранды.

Кыргызстанда коронавирус пандемиясы болуп жаткандыктан, медициналык беткаптар менен антисептиктерге суроо-талап көбөйгөн.

Финпол медициналык препараттарга жана коргонуу каражаттарына болгон баалардын жогорулатылышына жол бербөө максатында дарыканаларга ушундай рейддерди уюштуруп турат.

Кызмат Бишкектин дарыканаларында беткаптардын баалары кымбаттатылган фактыларды 18-мартта да аныктаган.