КТРКнын мурдагы жетекчиси Илим Карыпбеков эки тараптуу пневмонияга кабылып, өпкөсүнүн 56%ы жабыркаганын билдирди.

Өзүнүн айтымында, башында биринчи жума өз алдынча дарыланууга аракет кылганы менен дене табы 39-40 градустан төмөн түшпөй койгон. Азыр ал Улуттук госпиталда беш күндөн бери дарылануула.

«Бардык палата толуп калды. Негизинен 30-50 жаштагы олбурлуу кишилер жатышат. Күн сайын реанимацияга бирөөнү алып кирип кетишет, жаш организм вируска туруштук бере албай жатат», — деп жазды ал.

Карыпбеков ооруканаларда иштеп жаткан дарыгерлерге ыраазычылыгын билдирди. Себеби, алар күнү-түнү аба кирбеген комбинезонду кийип, жан үрөп иштеп жатышат.

«Жаны тынбайт, коридордо тынымсыз ары бери чуркап жүрүшөт. Көз айнектен гана чарчап кызарган көздөрү көрүнөт. Кээде көздөрүнөн жини келгени да байкалат», — деди ал.

Андан сырткары дарыгерлер жакшы болуп калган бейтаптар болсо кошо сүйүнүп жатышканын кошумчалаган. Кээде илмейген колдору оорудан алсырап жаткан олбурлуу кишилерди көтөргөнгө алы келбей, ошол жакта дарыланып жаткандардан жардам сурап жатканын да Карыпбеков белгилеген.

Ошондой эле, керектүү бардык дары-дармектер бар экенин, күнүнө үч жолу тамак берип, кээде балык да жеп жатышканын жазган. Ошол эле маалда, саламаттык сактоо системасына реформа керектигин белгилеп, ооруканалар өз ишин мыкты билген дарыгер менен медайымдар бар үчүн эле турганын кошумчалаган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча март айынан баштап бүгүнкү күнгө чейин 97 адам пневмониядан каза болгон. Пневмония менен ооругандардын каза болуусу июнь айынын ортосунан тарта көп каттала баштаган.

Андан сырткары премьер-министр Кубатбек Боронов учурда өпкөсү сезгенип, пневмония менен ооруп жаткандар көбөйүп жатканын, алардын өмүрүн сактап калуу үчүн кычкылтек концентраторлоруна муктаждык бар экенин билдирди.

Ал ортодо жеке ишкерлер менен коомдук активисттер ИВЛ аппараты менен кычкылтек концентраторун сатып алууга аракеттерди көрүп жатышат.