Баткенде коронавирус жуктуруп алган 34 жаштагы мугалим көз жумду

Маркум Сейдибакказ Муратов. Сүрөт: «Турмуш» басылмасынан алынды

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 2-июлда 34 жаштагы мектеп мугалими каза болду. Маркум аталган облуста COVID-19ду жуктуруп алып каза тапкан биринчи бейтап.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова «Клоопко» билдиргендей, мугалим акыркы он күндөн бери Кызыл-Кыя шаардык ооруканасында дарыланып жаткан.

«Турмуш» басылмасы маркумдун аты-жөнү Сейдибакказ Муратов деп маалымдады. Муратов Кызыл-Кыя шаарындагы «Сапат» лицейинде англис тилинен сабак берип келген.

3-июлга карата Баткен облусунда 19 кишиден коронавирус аныкталды, жалпы — 127 учур катталды. Анын ичинен Covid-19 эң көп Кызыл-Кыя шаарында аныкталды — 40 учур. Ал эми аталган облуста өпкө илдетинен айыккандардын саны 42 адамды түздү.

Июнь айынын орто ченинен баштап Баткенде коронавируска кабылгандардын саны кескин жогорулады. Буга байланыштуу жергиликтүү бийлик санитардык-посттордук санын көбөйтүп, мекеме-ишканалардагы санитардык абалдын сакталуусун текшерип жатат.