ССМ: Үйүндө дарыланып жаткан бейтаптын абалы оорлосо ооруканага жаткырылат

Айнура Акматова. Сүрөт: Республикалык штаб

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова жаңы алгоритмге ылайык, оорусу жеңил өтүп жаткан бейтаптар үй шартында врачтардын көзөмөлүндө дарыланышарын белгиледи. Эгерде бейтаптын абалы оорлосо, аймактык дарыгер ооруканага жайгаштыруу чечимин кабыл алат.

«Коронавирустун белгилери байкалган учурда 118, 112 кыска номерлерине байланышуу керек. Ооруп жаткан адамга мобилдик топ келип, анын абалын текшерет. Мобилдик топтор бейтаптын абалы туурасында толук маалыматты Үй-бүлөлүк медициналык борбордун дарыгерлерине беришет», — деди Акматова.

Буга чейин Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев тез жардам кызматына күнүнө төрт миңден ашуун чакыруу түшүп жатканын айткан. Мындан улам ооруканалар бейтаптарды кабыл алууга жетишпегендиктен, кошумча 25 тез жардам унаасын ишке киргизүү үчүн адистер даярдалып жатканын белгилеген.

3-июлга карата Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 6767ге жетти. Ооруканаларда 638 адам дарыланууда. Алардын ичинен 19 киши жандандыруу бөлүмүндө. Үй карантинине 3398 адам алынган.

Ал эми коронавирусту жуктуруп алгандар менен байланышта болгондордун саны — 23019. СOVID-19дан 76 киши каза болуп, 2655 бейтап айыгып үйүнө чыгарылган.