COVID-19 жуктурган дагы 10 киши каза болду. Коронавирус жалпысынан 88 адамдын өмүрүн алды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы он бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штаб 5-июлда кабарлады.

Алар:

  • Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан – 4 бейтап (3 эркек - 64 жашта, 66 жашта, 69 жашта жана 64 жаштагы аял);
  • Ош облусундагы Ноокат аймактык ооруканасынан – 1 бейтап (60 жаштагы эркек);
  • Чүй облусундагы Жайыл аймактык ооруканасынан – 1 бейтап (80 жаштагы аял);
  • Чүй облусундагы Москва аймактык ооруканасынан – 1 бейтап (35 жаштагы эркек);
  • Чүй облусундагы Токмок аймактык ооруканасынан – 1 бейтап (59 жаштагы аял);
  • Чүй облусундагы Ысык-Ата аймактык ооруканасынан – 1 бейтап (62 жаштагы аял);
  • Нарын облусундагы Кочкор аймактык ооруканасынан – 1 бейтап (81 жаштагы эркек).

Ушуну менен коронавирусту жугуп каза болгон бейтаптардын саны 88ге жетти. Расмий маалыматка ылайык, алардын арасында беш медкызматкер бар. Өкмөт иш убагында коронавирусту жуктуруп, каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө 1 млн сом компенсация төлөп берет.

Коронавирустан улам каза болгондордун эң көбү Бишкек шаарында катталды — 29 учур. Ош жана Чүй облустарында COVID-19дан 17ден бейтап көз жумду. Ошондой эле Ош шаарында тогуз, Нарын облусунда жети, Жалал-Абад облусунда алты, Ысык-Көл, Баткен жана Талас облустарында бирден бейтап кайтыш болду.